Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

МАМДЕПТИН ДОКЛАДЫ: АЛГАЙ-ЧАЛГАЙЫ АРАЛАШ


Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган кезектеги жылдык докладын жарыялады.Документте Ооганстанда жана Иракта эркиндик чөйрөсүндө кырдаал акырындап оңоло баштаганы белгиленет, ал эми Борборазия өлкөлөрүндө, Белоруссияда, Украинада, Россияда жана Жакынкы Чыгышта жагдай баштагыдан да начарлап кеткени айтылат.

Эркиндик эрежелеринин сакталышы жагынан өткөн жылды мамлекеттик департамент олуттуу ийгиликтер менен мүчүлүштүктөрдүн кыйын кезеңи болду деп эсептейт. Негизги жетишкендиктердин арасында биринчи кезекте Ирактын көп жылга созулган ырайымсыз диктатурадан азат болушу жана Ооганстанда жаңы конституциянын кабыл алынышы аталат. Ал эми проблемалуу өлкөлөрдүн топ башына Кытай,Түндүк Корея, Мьянма,Куба жана Зимбабве коюлган. Кытайда, атап айтканда, былтыр адам укуктарынын абалы кескин начарлап кеткен. Пхеньян болсо докладда “адамгерчиликсиз режим” деген баа алган. Мындан тышкары Иранда, Пакистанда былтыр эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок.

Россия жалпысынан өз жарандарынын укуктарын урматтайт, деп айтылат докладда. Бирок Чеченстандагы жагдай, былтыр декабрдагы парламенттик шайлоо үчүн Москва сынга алынган. Жакынкы Чыгыштан Израил, Палестин автономиясы жана арап өлкөлөрү, документте айтылгандай,адам укуктарынын эл аралык эрежелерин урмат кылмак түгүл караманча капарга алышкан жок.

Экс-советтик республикалардан Армения, Азербайжан, Украина эркиндиктин негизги принциптерин сактабады, өзгөчө шайлоо системасында ыпылас ыкмаларды колдонду. Белоруссияда бийликтердин демократиялык институттарга каршы репрессиялык чаралары күч алды.

Докладда борборазиялык өлкөлөрдүн текши баарында адам укуктары урматталбай турганы белгиленет. Өзбекстан менен Тажикстан эркиндик чектелген авторитардык режимдер катары сыпатталат. Түркмөнстанда президент Сапармурат Ниязовдун гана үстөмдүгү өкүмсүрөт, деп айтылат отчетто. Казакстанда бийликтин сынчылары жана оппоненттери такай куугунтукка алынып, жасалма айыптар менен кармалды,айрымдары камакка салынды. Кыргызстанда бийликтердин маалымат каражаттарынын иштерине кийлигишкен аракеттери күч алды.

Мамлекеттик департаменттин докладын бир катар укук коргоочулар чалагайлуу, атүгүл чалгырты ачык байкалган документ маанисинде кабыл алышты. Кошмо Штаттардын өзү бир катар маселелерде, өзгөчө Гуантанамодогу туткундарга, Ирактагы жагдайга жана Патриоттук акт деп аталган мыйзамга байланыштуу иштерде эл аралык укук коргоочу уюмдардын активдүү сын апаздарына кабылды.Ошол себептен Вашингтондун сынчылары мындай мазмундагы докладдарды жарыялаганга президент Буштун администрациясынын моралдык акысы жок дешет.

Докладдын авторлору болсо документте Вашингтон администрациясынын тышкы саясатынын түйүндүү багыттары чагылдырылганын айтышат. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл президент Жорж Буш адам укуктарын коргоону жана бул чөйрөдөгү иштерди илгерилетүүнү Американын өзгөчө мураты деп эсептей турганын, бул милдетти ал өзүнүн тышкы саясий багытынын ажырагыс бөлүгү кылып алгандыгын белгиледи. Ошондуктан адам укуктарынын дүйнөдөгү абалы жөнүндөгү жылдык докладдар тек бир маалымат алчу материал эмес, саясаттын өтө маанилүү куралы, деп кошумчалады мамлекеттик департаменттин башчысы.

XS
SM
MD
LG