Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Түркмөнбашы тууралуу китеп чыкты


Түркмөнстандын бийликтери президент С.Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракети тууралуу дагы бир китеп чыгарды. Аны түркмөнбашыга кол салуу аракетин уюштурган деп күнөөлөнгөн адам жазды деп жарыяланды. "Жан жөкөрлөрүм жана мен: террористтер" деп аталган жаңы китеп түркмөн бийликтеринин айтымында, ушу тапта түрмөдө отурган мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадовдун калеминен жаралды. 2002-жылдын ноябрь айында машинеде бараткан президент Ниязовго кол салуу аракети жасалгандан көп өтпөй Шихмурадов түркмөн бийликтерине өз ыктыяры менен колго түшүп берген. Кийин анын үстүнөн өткөн сотту эл аралык уюмдар катуу сындап, Сталиндин доорундагы тазалоо кампаниясына окшоштурушкан.

Таңкы жаңылыктар топтомун даярдаган – Венера Сагындык кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG