Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Гаитинин президенти кызматтан кетпей турганын айтууда


Гаитиде өлкө аймагынын жарымын басып алган козголоңчулар башкалаага чабуул койорун эскертишти. Алардын жетекчиси кол алдындагы жоокерлер президент Аристид кызматынан баш тартпаса, башкалаага чабуул коюуга даяр турушат деп жарыялады. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Гаитинин президенти элдин кызыкчылыгын ойлоп, туура чечим кабыл алышы керек деп билдирди. АКШнын "СНН" телеканалы көрсөткөн интервьюсунда Аристид президенттик кызматтан баш тартуу планы жок экенин маалымдап, эл аралык күчтөрдүн жардамы менен өз өлкөсүндө тартип орното алаарын белгиледи. Бейшембиде Гаитидеги кырдаал БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйынында карала баштады, ага мүчө Франция менен АКШ бийлик менен оппозиция ортосундагы чатак саясий жол менен жайгаштырылышын колдоп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG