Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

Кофи Аннанды Британия тыңшаганбы


БУУ эгерде баш катчы Кофи Аннанга каршы Британиянын тыңчылык кылганы чындык болсо, ал аракеттер мыйзамсыз болгон деп эсептейт. БУУнун басма сөз өкүлү Фред Экхард баш катчынын атынан буларды билдирди: "Биз эгерде мындай аракеттер орун алганы чын болсо, алардын токтотулушун жактайбыз. Мындай иштер баш катчынын башка дүйнө лидерлери менен иш боюнча мамилелерине зыян келтирет. Кандай болгон күндө да, бул - БУУ үчүн жагымсыз жана мыйзамсыз көрүнүш", - деди Экхард. Бул билдирүү британ премьери Тони Блэрдин кабинетинин мурдагы мүчөсү Лондондун Кофи Аннанга каршы тыңчылык кылганын айткандан кийинки жарыяланган алгачкы ырасмий көз караш. Британ өкмөтүнүн экс-мүчөсү Кларе Шөт айым Би-Би-Си радиосуна берген интервьюсунда Британиялык тыңчылар Аннандын сүйлөшүүлөрүн тыңшагычтар аркылуу жаздырып алып турчу деп маалымдаган. Премьер-министр Тони Блэр анын бул сөздөрүн бышыктаган же төгүндөгөн жок, болгону Шөт айымды "барып турган жоопкерчиликсиз адам" деп атады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG