Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

МИНИСТРДИН ИШ СТИЛИ, АЗАМАТ АЛТАЙДЫН САГЫНЫЧЫ, КОРУКТАГЫ ЖАЛГЫЗ ИЛБИРС


"Кийинки кездери Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүлөрүндө өктөм стил өкүм сүрүүдө" деп белгилейт “Комсомольская правда в Кыргызстане” гезити. “Заман Кыргызстан” гезитинин ырасташынча Нарын коругунда бир гана илбирс калды. Кыргыз басылмаларында мамлекеттик тил мыйзамына карата пикирлер, президенттик жана парламенттик шайлоолордун камылгасы жөнүндө жоромол кеп-сөздөр арбын жарыяланууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин иш стили тууралуу жума күнкү “Комсомольская правда в Кыргызстане” тиркеме гезити Фарид Ниязовдун макаласын жарыяланды. Автордун ырасташынча, министр А.Айтматовдун тушунда ТИМ курч билдирүүлөрдү жасоого өттү. Министр өзү иш сапары менен чет өлкөлөргө тез-тез каттачу болду. Кийинки кездериде министрликтин компетенттиги тууралуу арбын кеп болууда. “Тышкы иштер министрлигине оголе чоң жоопкерчилик жүктөлгөн, бул жерде Кыргызстандын баркын түшүрчү эксперименттердин кереги жок” деп жазат Ф.Ниязов.

Кыргызстандын тоо-токойлорунда кайберендердин саны жылдан-жылга кескин азайып барат. Жума күнкү “Заман Кыргызстан” гезитинин жазганына караганда 1960-жылы Соңкөл тоо казынын 200 жубу бар деп саналса жыйырмы жылдан кийин андан 20 гана жубу калган. Бул Нарындын “Каратал-Жапырык” коругундагы абал. Кайтарууга алынган корукта бир гана илбирс калган.

Гезитте Кыргызстандын Ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун “Уяты жок кызматкерлерден арылууну биз да самап турабыз” деген маеги жарыяланган.

Эне тил маселесине “Эркинтоо” гезити да жаңы санында кайрылды. Журналист Өмүрбек Тиллебаевдин ырасташынча, шаардык мекемелерде иштеген жаштардын көбү өз эне тилинде сүйлөгөндү өөн көрүшөт. “Саламатсызбы?” деген сөздү укканда эле шак аллергиясы кармайт да, турбканы дароо таштап коет... Кыргызча сүйлөгөндү намыс көрүшөт. Бизде улуттук сыймык, дух, рух деген жок болуп баратат... Кыргыз тилин өзгөлөр эмес өзүбүз жерип жатабыз. Мунун кесири тийбесе экен дейм ичимен”, деп жазат автор.

Мамлекеттик тил мыйзамы жөнүндө “В конце недели” апталыгында жазуучу Мар Байжиев ой жүгүрткөн. Анын пикиринде, мамлекеттик тил, маданият комиссиясын түзүүнүн ордуна президенттин алдында “Тилдер боюнча кеңешти” түзүү оң болор эле.

Кыргызстан менен Орусиянын президенттери өз элинин патриоту болгону үчүн бактылуу экенин “Кыргыз туусу” гезитинде М.Тентимишев жазды. Эки өлкөдө болуп аткан ийгиликтердин баары ушул президенттердин патриоттук демилгелерине байланыштуу дейт гезит автору. Журналист А.Пазыловдун М.Акаеванын ишмердиги тууралуу макаласы да гезиттин ушул санында жарыяланган. Автордун ырастоосунда, аны “бир карасаң Индира Гандини, бир карасаң Маргарет Тетчерди элестетет. Анын мүнөзүнө Беназир Бхуттонун сыпайылыгы, майиндиги, Тарья Халонендин бүйрөлүгү, Валентина Матвиенконун ишкердүүлүгү, чечкиндүүлүгү катылган”.

Мамлекет башчысынын милдети менен жоопкерчилиги тууралуу “Жаңы ордо” гезити Н.Сапарбаевдин “Аскар Акаевди күнөөлөбөгүлө!” деген макаласын жарыялаган. Коррупциянын чайлап-коолап тарашына, эл менен бийликтин мамилесинин сууп кетишине эки тарап тең күнөөлүү деп белгилейт макала автору. Басылмада президенттин кезектеги кадрдык алмашуусун талдоого алган макала да жарыяланган. Макала авторунун болжолунда соңку кадр алмашуусунан кийин А.Акаев кийинки шайлоого барбайт дегендердин деми басылып ойго түшүп калды. Президенттикке талапкердигин ачык айткан К.Бакиевге каршы кыргызды жерге-жээкке бөлчү макалаларды айрым гезиттер күргүштөтүп баса башташты деп белгилейт макала автору.

Көрө албастар аркыл ушак-айың кепти чыгарууга маш экенин, аларга терикпестигин К.Бакиев “Агым” гезитинде жарыяланган маегинде ачыкка чыгарды. Ага жооп катары журналист А.Айдаралиевдин “Сизге сын айтсам болобу, Курманбек Салиевич?” деген макаласына ушул эле гезиттен орун берилген.

Жер үлүшү аз түштүк дыйкандарына Чүйдөн жер берүү маселесин Эркин Пиримов көтөргөн. Өкмөт, автордун айтуусунда, Сары Өзөн Чүйдө иштетилбей жаткан бош жерлерди түштүктүк дыйкандарга берсе түндүк-түштүк деген жасалма тосмону жок кылмак, жалпы улуттук кызыкчылыктын чыгышына өбөлгө түзүлмөк.

Элүү жыл ичинде эл өзгөрүп, башта жолукпаган жорук-жосундар чыкканы Азамат Алтайдын “Желеде байланган кулундар, челек-челек сүт саап келаткан келиндер түшүмө дайым кирет” деген маегинде баяндалган. “Биз жаш кезде элде биримдик бар эле, адамгерчилик, жакындык бар эле” деп эскерет Азамат аба. “Азыр барганымда ичкиликтен башын көтөрө албагандар көзүмө урунду”.
XS
SM
MD
LG