Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Караколдо “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам боюнча маалымат жыйыны өткөрүлдү


КАРАКОЛ. Пресс-конференцияга Жогорку Кеңештин депутаты Жангороз Каныметов, облустук кеңештин төрагасы Баттал Бозгөрпеев,шаардык кеңештин депутаты Ибрагим Ыдыров, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, Ысыккөл университетинин филология факультетинин профессор, докторлору жана басма сөз кызматкерлери катышты. Жангороз Каныметов мыйзамды кабыл алуу оңойго турбагандыгын баяндап,
мыйзамдын өзү менен кенен тааныштырды. Мындан сырткары салык кодексине киргизилген өзгөртүүнү, тагыраак айтканда кыргызча чыккан китептер, кыргызча тартылган аудио, видео кинотасмалар, балдар үчүн чыккан кыргызча журналдар НДСтен бошотулгандыгын кабарлады.
"Кыргыз Туусу" газетасынын облустагы кабарчысы Жээнбай Түрк кыргыз орфографиясы боюнча кабыл алынган мыйзамдын параграфтары бири-бирине каршы, муну тактоо керек деген пикирин айтты.
Жангороз Каныметов бул сунушту кагаз жүзүндө кайрылууну талап кылып, термин боюнча комитет менен бирдикте тактаарын убада кылды.

Кабарларды Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустагы кабарчылар даярдашты

Редактор – Кубат Оторбаев

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG