Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

«Адилет» партиясынын облустук бөлүмүнүн жыйыны өттү


ЖАЛАЛАБАД. Жыйында партиянын негиздѳѳчүсү жана биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев чогулган 120 адамга саясий уюмдун максатын баяндады. Иш-планга ылайык саясий-
экономикалык реформаларды колдоо менен мамлекеттүүлүктү бекемдөөнү көздөгөн партия жаштарды патриоттулукка тарбиялап, жумушсуздукту жана жакырчылыкты кыскартууга салым кошооору айтылды. Алдыдагы шайлоолордо жергиликтүү жана Жогорку Кеңеш депутаттарына талапкер мүчөлөрүн колдоого алат. Район, шаарлардагы төрагалар иш орун, кызмат акы менен камсыз болот. Баштапкы уюмдарды кеңейтип, кадыр-баркын көтөрүү милдети турган партиянын 28 мүчөсүнө партиялык белеттер тапшырылды. Партиянын облуста 500дөн ашык мүчөсү бар деп маалымат таратылды.

XS
SM
MD
LG