БИШКЕК. АКШнын чакыруусу менен кыргызстандык алты саясатчы бүгүн кечинде Кошмо Штаттарына жөнөп кетишет. Чакыруу алган саясатчылардын арасында Экономикалык өнүктүрүү министри Амангелди Муралиев, «Атамекен» партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев, «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын башчысы Муратбек Иманалиев бар. Өмүрбек Текебаевдин «Азаттыктын» кабарчысына берген маалыматына караганда, кыргызстандык саясатчылар Кошмо Штаттардын партиялык системасы жана АКШда күзүндө өтө турган президенттик шайлоого даярдыктар менен таанышып, президенттикке талапкерлердин дебаттарына катышаары болжолдонууда. Кыргызстандык саясатчылар АКШдан 14-мартта кайтып келишет.