Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Пенсионерлердин абалы талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте пенсионерлердин азыркы абалын жакшыртуу маселелерине арналган эларалык конференция болду. Жыйында малымдалгандай, КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстандагы пенсионерлердин абалы начар. Жыйындын катышуучулары өлкөдөгү пенсионерлердин абалын жакшыртуу багытында жүргүзүлө турган иш-чараларды белгилешти. Конференциянын ишине президенттин администрациясы менен премьер-министрдин аппаратынын, бир катар министрликтердин өкүлдөрү, Казакстан менен Тажикстандын пенсионерлеринин маселелерин чечүү максаты менен түзүлгөн бейөкмөт уюмдардын, эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Учурда Кыргызстанда 511 миңди пенсионер бар. Ал эми пенсиянын орточо көлөмү 660 сомду түзөт.

XS
SM
MD
LG