Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Алматыда өкмөт башчылар экономиканы талкуулашты


БИШКЕК. Бүгүн Казакстандын Алматы шаарында Евразиялык экономикалык кызматташтык (ЕвЭкКы)уюмунун мамлекеттер аралык кеңешинин тогузунчу отуруму өттү. Жыйында кызматташтыкка кирген өлкөлөрдүн премьер-министрлери уюмдун алкагында соода, энергетика, бажы тармагындагы кызматташтыкты жакшыртуунун жолдорун талкуулашты. Жыйындын күн тартибине коюлган башкы маселелердин бири - Евразиялык экономикалык кызматташтыктын Дүйнөлүк соода уюмуна кире элек мүчө өлкөлөрү тарабынан бул уюмга кирүү боюнча биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү маселеси болду. Уюмга мүчө мамлекеттин өкмөт башчылары кызматташтыктын алкагында бирдиктүү экономикалык саясат, бажы, чегара тармактарында макулдашылган саясат жүргүзүү маселелерин да талкуулашты.
Алматыдагы жыйынга уюмга кирген Казакстан, Кыргызстан, Белорус жана Тажикстандын премьер-министрлери жана Орусияны өкмөт башчысынын милдеттерин аткарып жаткан Виктор Христенко катышты.

XS
SM
MD
LG