Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

КЫРГЫЗ ТИЛИ КОЛДОНУУДАН КАЛАБЫ?


"Кыргыз тилинде ким сүйлөш керек?" деп депутаттар, саясатчылар талашканга чейин эле табият өз мыйзамына жараша тилдерди калчап, дүйнөдө алардын кайсынысы жашап кете алат деп ырастап салганы бышык.

21-февралда ЮНЕСКОнун баш катчысы Коидзира Мацуура кыргыз калкын дүйнө коомчулугу тарабынан 5 жылдан бери белгиленип келаткан Эне тилдин эларалык майрамы менен куттуктады. Мацууранын куттуктоосунда "биз адамдардын генийлигинен жаралган дүйнөдөгү 6 миң тилдин жашап аткандыгына сыймыктанабыз жана алардын мындан ары сакталып, өнүгүшүн каалайбыз" деп айтылат. Дүйнөдөгү кадырлуу уюмдун улуттук тилге жасаган мамилеси менен эртеңки депутаттыкка жан талашкан айрым саясатчылардын дүрбөлөңү бир мезгилге туш келгендиктен "өздөн чыккан жат" менен "атаң тааныбаган" адамдын эне тил туурасындагы түшүнүктөрүн баалабай койбойсуң.

Бириккен Улуттар Уюмунун билдирүүсүнө караганда бүгүн дүйнөдө 6800 чамалуу тил жана диалектилер бар. Адистердин айтымында, жакынкы жүз жыл ичинде алардын 90 пайызы жоголуу коркунучу алдында турат. Илимпоздордун эсептөөлөрүнө ылайык ааламда ай сайын эки тил жашоосун токтотот экен. Тил маданияты жогорку деңгээлге жеткирилип, анда окуп жана сүйлөй билүүдөн тышкары, илим, билим жарата алган тилдердин 250дөйү гана келечегинен кам санабаса болот деп айтышат илимпоздор.

Мындай шартта "кыргыз тилфобисттеринин" эне тилин жеригени эле эмес, аны саясатташтырып, түбү келип улут аралык араздашуу жаратууга жасаган аракеттери күйбөгөн жериң күл кылбай койбойт. Анда эмесе кыргыз тилине байланышкан маселе боюнча таанымал тилчи Кадыралы Конкобаевдин пикирин угуп көрсөк:

- Кыргызстан Енисей кыргыздарынын туусун көтөрүп, миң жылдан кийин кайра мамлекет курган эркин азат Кыргызстан дүйнөдө жалгыз. Кыргыз тилин изилдей турган, кыргыз изилдей турган өлкө дагы жалгыз - ал бүгүнкү Кыргызстан жана бүгүнкү кыргыздар. Башка бизди эч ким изилдебейт. Элибиздин терең маданиятын, терең тарыхын, дүнүйөгө кошкон зор салымдарын биз качан таанытабыз. ЮНЕСКО Манасты, акындарды тааныды. Бул укмуш маданият да. Ошол маданиятты дүйнө таанып атат, биз өзүбүз эптеп-септеп ошого шылтоолоп жүрөбүз. Акча деген эч качан болбойт. Бүгүн Кыргызстанда акча көп, акчаны колдоно турган баштар жок.

Ооба, кыргыз тили Эларалык уюмдардын эле эмес, көздөй мамлекетибиздин, карачечекей саясатчыларыбыздын колдоосуна муктаж. Айрым изилдөөчүлөр көрсөткөндөй тилдин жоголушунун бирден-бир себеби - өкмөттүн жүргүзгөн саясатына байланыштуу болот. Ырасмий тил (Кыргызстандын шартында ал - орус тили) мектептерде окутулуп жана ырасмий иш кагаздар ошол тилде жүргүзүлөт. Билим алыш үчүн ырасмий тил илим-билим каражаты саналгандан кийин жана мамлекеттик иш кагаздар ырасмий тил аркылуу жүзөгө ашырылгандан баштап, жаштардын эне тилге болгон кызыгуусу жоголот. Мындай саясаттын натыйжасында дүйнөдө айына эки тил колдонуудан калып турат.
XS
SM
MD
LG