Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:08

ИРАКТЫК КҮРДДӨР ЭГЕМЕНДИК КӨЗДӨШҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын түндүк аймактарында жашаган күрддөр акыркы апталарда бир миллион 700 миң кол чогултуп, күрддөрдүн эгемендүүлүк алуу маселеси боюнча референдум өткөрүүнү талап кылды. Кээ бир эксперттердин пикиринде, бул талап Ирактагы абалды бир кыйла татаалдатышы мүмкүн.

Дүйнөдө бардыгы болуп азыр 15-16 миллионго жакын күрд бар, алардын жарымына жакыны Түркияда, 4-5 миллиондон күрд Иран менен Иракта жана калганы Сирияда жашайт. Аталган мамлекеттердин ичинен күрддөр иш жүзүндөгү автономияга Иракта гана ээ жана 1991-жылдагы согуштан кийин Багдад алардын ишине дээрлик кийлигише албай да калган. Президент Саддам Хусейн бийликтен кулатылгандан кийин алар тарыхта чанда кездешкен мүмкүнчүлүккө - өз алдынча мамлекет түзүү мүмкүнчүлүгүнө жакындады. Бирок америкалык жетекчилик башынан тартып андай ойлорду четке каккан. Биринчиден, эгер күрддөр эгемендүүлүккө ээ болсо, алардын жолун өлкө калкынын көпчүлүгүн түзгөн шийилер да жолдошу мүмкүн жана анда Ирак мамлекети чачырап кетүү коркунучуна такалат. Экинчи жагынан, ирактык күрддөр макамынын жогорулашына кошуна Түркия, Иран жана Сирия каршы, анткени анда алардын өздөрүнүн күрддөрү да баш көтөрүшү ыктымал.

Ирак мамлекети чачырандыга учурабайт деп америкалык жетекчилик убада берген, бирок кээ бир эксперттер федералдык түзүлүшкө каршы эмес. "Нью-Йорк таймс" гезити январда жазып чыкканга караганда, федерация түзүүгө Ирактын убактылуу америкалык башкаруучулугу да макул болгон.

25-февралда болсо ирактык күрддөрдүн "Референдум кыймылы" деп аталган уюму өлкөнүн Башкаруучу кеңешине расми арыз жолдоду. Арызга бир миллион 700 миң адам кол койгон. Анда ирактык күрддөр арасында референдум өткөрүп, күрддөр маселесин чечүү талабы айтылат. Андай референдумга - эгемендүү Күрдистан түзүү же ирактык күрддөргө расми автономия берип, өлкөнү федерацияга айлантуу маселеси коюлууга тийиш. Кыймылдын басма сөз катчысы Халкаут Абдулланын айтымында, колдор 25-январдан 15-феврал аралыгында топтолгон жана ага 18 жаштан өткөндөр гана катышкан. Кол койгондордун арасында атактуу журналисттер Ассо Карим менен Саро Кард жана акын Шерко Бекеш да бар.

Өлкөнүн Башкаруучу кеңешине күрддөр тараптан шайланган мүчө Махмуд Отмандын айтымында, күрддөрдүн өз келечегин өздөрү чечүүгө толук укугу бар:

- Алар коалициялык күчтөр менен Башкаруучу кеңешке арыз жолдоп, Бириккен Улуттарга, Европа Биримдигине жана башка эл аралык уюмдарга, алардын ичинде Араб Лигасына да кайрылышты. Алар атайын кол чогултуп, күрд эли чындыгында эмнени каалаганын билүүгө аракеттенүүдө жана алардын пикиринде, андай кылууга алардын толук укугу бар, анткени 1921-жылы Ирак мамлекети түзүлгөндөн тартып, андай укук ирактык күрддөргө берилген эмес.

Лондон шаарындагы Экономикалык жана саясий илимдер мектебинин эксперти Яхья Саиддин пикиринде, мындай референдум Ирактагы абалды бир кыйла татаалдаштырып жиберет:

- Бул оң көрүнүш эмес экени айдан ачык, өзгөчө андай референдумдан эгемендүүлүк талабы чыкса, ал абдан терс окуя болот. Менин оюмча, мындай өнүгүү - Иракта ич-ара жаңжал чыгарууну каалагандардын тегирменине суу куят. Эң алды менен Ирактын өз өкмөтү дайындалууга тийиш. Ирак азыр оккупацияланган өлкө. Күрддөрдүн эгемендүүлүгү тууралуу маселени чечүүгө Ирактын башка калкы да катышууга тийиш, алардын болсо андай кылууга азырынча эч мүмкүнчүлүгү жок.

Америкалык бийлик азырынча бул маселе боюнча пикир айта элек.

XS
SM
MD
LG