Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Македонияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды


Кечээ авиакырсыктан президент Борис Трайковский жана аны менен бирге сегиз киши набыт болду. Курман болгондордун сөөгү Босниянын тоолорунан табылды. Кайгылуу бул окуяга байланыштуу дүйнөнүн көп өлкөлөрү македон бийликтерине жана элине көңүл айтууда. Президенттин милдетин аткаруу парламенттин спикерине жүктөлдү. Бүгүн Скопьеге президент Трайковскийдин таажиясына катышканы Евросоюздун тышкы иштери боюнча координатору Хавер Солана келди. Македониялыктарга Евросоюз мындан ары да жардамдаша тургандыгына ишендирип, ал өлкөнүн калкын биримдикке чакырды. Ушундай шартта гана македониялыктарга Евросоюзга кошулуу үчүн кенен жол ачылат, бул канчалык эрте болсо, ошончулук жакшы деп айтты Солана.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG