Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

МАКЕДОНИЯ АЗА КҮТҮҮДӨ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 27-февралда эртең менен Македониянын президенти Борис Трайкосвский түшкөн учактын сыныктары табылды. Куткаруучулар тобу менен иликтөөчүлөр кырсык эмне себептен болгондугун иликтеп жатышат. Босниянын Мостар калаасына учуп бараткан учакта президент Борис Трайковский жана өкмөттүн дагы 6 адамы менен эки учкуч бар эле.

Босниянын Мостар калаасындагы инвестициялык конференцияга учуп бараткан президенттин самолету Босния менен Македониянын чек арасына жеткен кезде калың туманга кирип, радарлар менен байланашын жоготуп койгон эле. Учактын калдыктарын дээрлик бир сутка бою издешкен куткаруучулар аны 27-февраль күнү эртең менен Босниянын түштүк чөлкөмүндөгү аймактан таап, кырсыктын себептерин иликтей башташты. Аталган чөлкөм 1992-95-жылдарда болгон Босния согушунда жыш миналанганы маалымдалат.

Ал эми Македониянын эли күчкө толуп, өлкө ичиндеги саясий маселелерди жөнгө салып, алдыдагы максаттарын ийгиликтүү ишке ашырып жаткан кезде күтүүсүз апааттан дүйнөдөн кайткан президентине аза күтүп жатат. Желектер төмөн түшүрүлүп, элдин маанайы чөгүнкү.Көчөлөрдөн ыйлап жаткан адамдарды көрөсүң. Өлкөнүн президенттинин милдетин аткарып жаткан парламенттин спикери Любчо Йордановскийдин атына чет өлкөлөрдүн жетекчилеринен көңүл айтуу телеграммалары күлүүдө. Үч күн созула турган аза күтүү жөрөлгөлөрүнө катышуу үчүн жума күнү баш калаа Скопьеге Еврошаркеттин тышкы иштер маселелери боюнча жооптуу кызматкери Хавьер Солана келди. Солана президентти жылуу сөздөр менен эскерип, бейшемби күнү мындай деген:

- Трайковский өлкөнү алга сүрөгөн, реформалар менен башка опол-тоодой иштердин өтөлүнө чыга алган, Македонияны Европага жакындаткан мыкты адам эле...

Солана мырза башына мүшкүл түшүп турган Македонияга Еврошаркет колунан келишинче колдоо көрсөтүп, өлкөдө туруктуулукту сактап калганга көмөктөшө турганын айтты.

Борис Трайковский Македония Еврошаркетке кирүү арызын расмий тапшырардын жуп алдында набыт болду. 1999-жылы 42 жашында президент болуп шайланган Борис Трайковский өлкөдө саясий-экономикалык реформаларды эле ийгиликтүү өтөбөстөн, өлкөнүн албан улуттук азчылыгына байланышкан этник аралык жаңжалды саясий жол менен жөнгө сала алды. Анын албан улуттук азчылыгынын маселесине бейтарап, иштиктүү мамиле жасаганынын арты менен 2001-жылы тутанган кандуу жаңжалга эл аралык уюмдар ортомчулук кылып, эки тараптын ортосунда мунасалуу пикир жетишилген. Анын натыйжасында, албан козголоңчулары менен өкмөттүк аскерлердин алты айга созулган куралдуу кагылышуулары басылып, 2 миллиондон ашуун кишиден турган албан улуттук азчылыгынын өлкөнүн мыйзам чыгаруу, аткаруу бийликтериндеги өкүлчүлүгү кеңейген. Албандар отурукташкан чөлкөмдөрдүн экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө жагыштуу шарттар түзүлгөн. Трайковскийдин бул ишине жогору баа берген Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан бейшемби күнү:

- Трайковский көп улуттуу Македониянын бүтүндүгүн сактап калып, өлкөдө туруктуулуктун пайдубалын салган инсан катары эсибизде калат, - деп эскерди.

Андан мурдараак 1998-жылы кошуна Сербия өзүнүн Косоводогу албан улутундагы азчылыгына каршы күч колдонуп, миңдеген албандар коңшу Македонияга качканда, македон өкмөтү чек араларын ачып, албан качкындарына баш маанек берген. Ал кезде Македониянын коомдук тартип министри болуп турган Трайковский эл аралык коомчулукка кайрылып, Сербиядагы геноцидди токтотууга үндөгөн. Жаңжалга НАТО кийлигишип, Сербияны аскердик объекттерин бомбалаганда Македония өзүнүн аэродромдорун НАТО учактарынын учуп-конуусуна ачып берген болчу.

XS
SM
MD
LG