Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

САРЫМОГОЛДО САНАА КӨП


Кожогелди Култегин, Ош шаары Ош облус губернатору Накен Касиев бир катар жетекчилер менен Тажикстандын Мургап районунун курамынан Кыргызстандын Алай районунун курамына өткөрүлүп алынган Сарымогол айылына барып, бир катар проблемаларын чечүүгө убада берип кайтты.

Мургаптан 250 чакырымча алыстыкта жайгашкан Сарымогол кыштагы Тажикстандын талаптагыдай жардамын көрбөгөндүктөн соңку күндөрү кыйла эле кыйынчылыкта калган. Губернатор Накен Касиев баштаган Ош облус жетекчилери бул жолку иш сапарында сарымоголдуктарга 25 миң сомдук окуу куралдарын тапшырышты. Ишбалдасы чыккан клубду Ош облустук эмгекке жайгаштыруу башкармасы 100 миң сомдук долбоор менен толук оңдоп ишке бермей болду. Облустук гинекологиялык оорукана жетекчилиги 15 орундуу оорукананы калыбына келтирип, дары-дармектерди жеткирүүгө милдеттенди. ПЛУАД 150 миң сом каражат жумшап, айыл көчөлөрүнө шагыл төгүп берет. Жаңы мектеп куруу маселесин губернатор өкмөткө жеткирет. Бул иштер республикабыздын эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүлмөкчү.

Бирок Сарымогол айыл өкмөтүнүн башкы проблемалары бул эмес. Алардын Кыргызстандан мыйзамдуу эмгек акы алышы, атуулдук алыш маселелери алигиче чечиле элек. Бул тууралуу миграция кызматынын түштүк аймактык башкармасынын төрайымы Салима Исмаилова мындай дейт:

- 1-январдан баштап айыл өкмөтүнүн аймагында иштеген мугалимдерге, врачтарга, айыл өкмөтүнүн аппаратына айлык берүүдө Тажикстандын атуулу болгондуктан кыйын болуп турат дешти. Айыл өкмөтү "бул чоң проблема эмес. Атуулдук алганга чейин өздөрү иштеп айлыктарын ала берет, мунун мыйзамдуу жолун табабыз" дешти.

Сарымогол айыл өкмөтү боюнча жалпысы миңден ашык адам кыргыз паспортун алыш керек. Азыр көпчүлүгү илгерки СССРдин кызыл паспорту менен жүрөт. Алардын Кыргызстандын чегинде жашагандыгын эске алуу менен автоматтык түрдө паспортун алмаштырганга мыйзам жол берди. Бирок 400дөй адамга кыргыз паспортун бериш кыйынга турууда дейт Салима Исмаилова:

- Тажикстандын атуулдугун алып жаңы паспорт алышкан экен. Мына ошолор боюнча кичине маселе бар. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда мурдагы атуулдук боюнча институт жок болгондуктан, буларга азыр биздин мамлекет Тажикстан менен жеңилдетилген түрдө атуулдук берүү боюнча макулдашууну иштеп жатышат. Эгерде ушул макулдашууга кол коюлуп ишке кирип калса, аны кыргыздар дагы алып калышат.

Бирок кыргыз паспортун алган сарымоголдуктардын дагы чечилбеген бир маселеси бар дейт Салима Исмаилова:

- Паспорт алгандарга пенсия, пособие бөлүп берели десе, бул элдин айткан сөзү, аларга Мургаптан пенсия боюнча документтерди бербей атыптыр. Эгерде Мургап документтерди бербей турган болсо анда биз дипломатиялык жол менен Тажикстандын тышкы иштер министирлигине нота жөнөтүшүбүз мүмкүн.

XS
SM
MD
LG