Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Ирактын башкаруучу кеңеши бир нече күндөн бери убактылуу конституциянын долбоорун талкуулап жатат. Мурда жетишилген макулдашууга ылайык, документ февралдын акыркы күнүндө бекитилүүгө тийиш эле. Акыркы талкууда кеңештин мүчөлөрү арасында кескин талаштар тутанып, айрымдары жыйындан чыгып кетишти. Бейтарап байкоочулар Ирактын убактылуу негизги мыйзамы калктын нааразылыгын пайда кылышы мүмкүн дешет.

Убактылуу конституция баарыдан мурда быйыл жайда коалициядан бийликти өткөрүп алганга керек дешкен. Андан соң ал Ирактын жаңы конституциясы кабыл алынганга чейин өлкөдөгү кайра куруу иштерине, айрыкча жалпы элдик шайлоо өткөргөнгө негиз болмок. Шийиттердин лидери аятолла ал-Систани да мурдагы талабынан кайтып, шайлоону жылдын этегинде уюштурганга макул болду. Аятолла июнда бийликти өзүнө ала турган өткөөл өкмөткө бир гана маселеде - эркин,адилет шайлоону даярдоодо кеңири укуктар берилиши кажет, калган башка бардык башкаруу иштеринде анын амири чектелүү болушу керек деп эсептейт.

Убактылуу конституциянын долбоорунда кеңештин мүчөлөрүн өгөй-татай айтыштырган эки маселе чыкты. Биринчиси, кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү граждандык мыйзам актыларында ислам эрежелерин түпнегиз кылып алуу жөнүндөгү сунушка каршы болушту. Буга нааразылык билдирип, шийиттердин кеңештеги сегиз мүчөсү жыйындан чыгып кетишти. Ал эми Ирактын түндүгүндөгү күрттөрдүн автономиясы жөнүндөгү жоболор кеңештин мүчөлөрүн аркан тартыштырган экинчи маселеге айланды.

Мурдагы макулдашууларга ылайык, убактылуу конституциянын долбоору февралдын этегинде кеңеште бекитилиши керек эле. Бирок документтин уңгулуу жана түйүндүү эрежелери боюнча орток пикир тапканга дагы бир нече күн зарыл болот өңдөнөт. Анын үстүнө маселенин азырынча капарга алынбай жаткан дагы бир өңүрү бар. Муну Лондондогу экономикалык жана саясий иликтөөлөр мектебинин эксперти Яхиа Саид эске салды. Убактылуу конституциянын долбоору кеңеште жактырыларына ал анчейин ишенбей тургандыгын айтып, бу жерде бир нече проблема бар экенин белгиледи. Баарыдан мурда утурумдук негизги мыйзам боюнча кеңири масилет-мастеттер болгон жок, көпчүлүк ирактыктар документтин долбоорун көрмөк түгүл уккан жок. Андыктан мыйзам эртең жактырылган күндө да ал элдин көбүн нааразы кылат болуу керек. Айтор, убактылуу конституциянын убайымы көп болчудай.
XS
SM
MD
LG