Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Филиппинде кыйраган салдын жүргүнчүлөрүн издөө уланууда


Филиппиндин Манила булуңунда кечээ күнү өрттөнүп чөгүп кеткен салдын жүргүнчүлөрүн куткаруу иштери уланууда. Узундугу 155 метр келген салда бир учурда 880ге жакын адам болгон, алардын жети жүз алтымыш алтысы куткарылды, бирок дагы 110 адамдын дайны жок. Бир адам каза тапканы бышык. Адмирал Артур Госингандын айтымында, өрт башталаардын алдында кээ бир жүргүнчүлөр жарылуунун үнүн уккан, ошондуктан террордук аракет көрүлгөнбү деген дагы шек бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG