Мурда түзүлгөн келишимдер боюнча, 28-февралдын аягына чейин Ирактын Башкаруучу кеңеши өлкөнү убактылуу башкаруу боюнча мыйзам долбоорун түзүүгө тийиш болчу, бирок бардык эксперттердин пикиринде, ал милдетти аткара албайт. Бул убактылуу мыйзам - өлкөнүн жаңы конституциясы кабыл алынганга чейин өлкөдөгү абалды жөнгө салган эреже болмок. Жыйырма беш адамдан турган Башкаруучу кеңешке шийи коомчулугунан 13 мүчө кирет жана алардын сегизи 27-февралдагы жыйындан чыгып кеткен. Алар конституцияны шариатка негиздөөнү сунуш кылган, кеңештин башка мүчөлөрү ага каршы.