Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Оппозиячыл маанайдагы партиялар үчүн семинар өткөрүлөт


БИШКЕК. 2-мартта "Достук" мейманканасында курамына алты оппозициялык маанайдагы партия кирген «Эл бийлиги» шайлоо блогунун өкүлдөрү катышкан семинар өткөрүлөт. Мындай иш-чара АКШнын Улуттук демократиялык институту тарабынан уюштурулууда. Семинардын катышуучуларына чет өлкөдөн чакырылган адистер, партиянын коомдогу орду, аткара турган иштери, партиянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришет. «Эл бийлиги» шайлоо блогу мындан бир нече күн илгери 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо бирдиктүү аракет кылып, президенттик шайлоого бир талапкерди колдоп чыгуу максатында түзүлгөн. «Эл бийлиги» шайлоо блогунун курамында «Эрк», «Асаба», «Эркиндик» «Республика», «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы" жана «Кайран эл» партиялары бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG