БИШКЕК. Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерди колдоо боюнча атайын фонд түзүлөт. Буга байланыштуу учурда эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тарабынан фонддун иштөө жобосу даярдалууда. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, мындай иш-чаралар өлкөдөгү административдик реформанын алкагында жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик кызматкерлерди колдоо фондунун негизги максаттарынын бири - жумуш орундары кыскартылган мамлекеттик кызматкерлерди жаңы орундарга жайгаштыруу, мамлекеттик кызматкерлерди социалдык жактан колдоо болуп эсептелет. Соңку жылдары мамлекеттик кызмат тармагындагы реформанын жүргүзүлүшүндө 2 миңге жакын адамдын кызмат орду кыскартылган деген маалымат бар.