Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

БЭЭЖИН: СҮЙЛӨШҮҮ КҮТКӨНДӨЙ НАТЫЙЖА БЕРГЕН ЖОК


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 28-февралда Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады. Маалыматтарга караганда, талкуулар "иштиктүү маанайда" өткөнү менен тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктер жойулган жок. Алты мамлекет сүйлөшүүнүн үчүнчү айланпасын июндун соңуна чейин өткөрүүгө макулдашты.

Ишемби күнү Бээжинде Түндүк жана Түштүк Корей өлкөлөрү, Кытай, Россия, АКШ жана Япониянын катышуусу менен Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча өткөн сүйлөшүү олуттуу жылышсыз аяктады. Сүйлөшүүнүн жабылышында сүйлөгөн сөзүндө Кытайдын тышкы иштер министри Ли Дзяоксиң сүйлөшүү "иштиктүү маанайда" өткөнүн, бирок тараптар ортосунда олуттуу көз караш айырмачылыктар дагы эле кала берип жатканын билдирди. Ошону менен бирге эле министр аяктап жаткан жолугушуу "Корей жарым аралын өзөктүк куралдан эркин мейкиндикке айландыруу" максатына карай жасалган кадам болду деп айтты.

Мейман күткөн тараптын мындай оптимисттик билдирүүсүнө карабай байкоочулар сүйлөшүү өтө татаал болгондугун жана талкууланган бир топ маселелер боюнча орток пикирге жетишүү али келечектин иши экенин белгилешет. Буга төрт күнгө созулган татаал сүйлөшүүнүн орток билдирүүсүз аяктагандыгынын өзү эле күбө. Билдирүүнүн долбоорунун көп жерлерине каршы чыккан Түндүк Корея ага өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн сүйлөшүүнү жабылышын бир нече саатка кечеңдеткен. Бирок мунасалуу пикирге келе албаган соң акыры тараптар жолугушууну орток билдирүү кабыл албастан аяктоону чечишкен. Делегациялар июндун аяк ченинде сүйлөшүүнүн үчүнчү айланпасына Бээжинде чогулууга макулдашышты.

Бирок алдыдагы айтылгандарга карабастан АКШнын делегациясы Бээжиндеги сүйлөшүү өтө натыйжалуу болду деп эсептейт. АКШнын беймаалым калууну каалаган делегация мүчөсү:

- Сүйлөшүү мен күткөндөн алда канча ийгиликтүү болду. Ал Түндүк Кореянын өзөктүк программасын толук токтотуп, калыбына келтирилгиз кылып, жойууга карай жасалган жылыш болду,- деп кубанды.

Жолугушуу бүткөн соң журналисттерге айткан сөзүндө АКШлык бир өкүл Кошмо Штаттар көздөгөн бул максатка сүйлөшүүнүн Түндүк Кореядан башка баардык катышуучулары кошулганын айтты.

Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан кризис АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда 1994-жылы жетишилген макулдашуу бузулгандан тутанган. Ал келишим боюнча Түндүк Корея өзөктүк программасын токтотууга, ал эми АКШ өлкөнү энергия менен камсыз кылууга жана Түндүк Кореянын атомдук электростанцияларын коопсуз иштөөнүн жаңы ыкмаларына өткөрүүгө көмөктөшүүгө милдеттенген. Бирок 2002-жылы АКШ эки ортодогу макулдашууну бузуп, өлкөгө күйүүчү май берүүнү токтотуп койгон. Буга байланыштуу Пхеньян өзөктүк реакторун кайрадан ишке киргизип, өзөктүк программасынын үстүнөн ишин уланткан. Былтыр болсо ал өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча жалпы келишимден чыгып кетип, өзөктүк программасын тоскоолдуксуз ишке ашырганга жол ачкан.

Тышкы дүйнөдөн бөлүнүп калган Түндүк Корей режими азыр ага коопсуздук кепилдиктери берилип, энергияга болгон муктаждыгы камсыз кылынып, өлкөгө олуттуу экономикалык көмөк көрсөтүлгөн учурда гана өзөктүк программасынан баш тартууга макул экенин айтып жатат.

XS
SM
MD
LG