Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

БЕГИШ ААМАТОВ: "КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КАРШЫ ЧЫККАНДАР ЭСКИЛИКТЕН КУТУЛА АЛБАЙ ЖАТЫШАТ"


Көчкөн Сактанов, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйынында "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышы өлкө атуулдарынын, саясатчылардын арасында ар кыл пикирлерди жаратууда. Эгемен өлкө катары өз эне тилине күйүп, мамлекеттик тилге олуттуу көңүл бурулушун жактагандар менен бирге эле, ага каршы чыккандар да бар. Бул маселе тууралуу "Азаттыкка" экс-депутат Бегиш Ааматов маек куруп берди.

- Бегиш мырза, жакында эле Мыйзам чыгаруу палатасы "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамды кабыл алды. Муну бүткүл кыргыз эли кубануу менен тосту. Бирок ага каршы болгондор да чыгып атат?

- Мен айтат элем андай адамдар өз келечегин ойлогон жери жок. Эски адаттан кутула албай, бирөөлөргө жагынып, өздөрүнө жагынбай, өзгөгө жагынып оокат кылгандар. Булардын тамыры эскиге кетет. Мен парламенттин иштеп атканын байкасам, тамыры эскиге кетет экен. Бир кезде И.Раззаковду күнөөлөшкөн "орус мектебине кыргыз тилин киргизип койду, бул - улутчул" деп. Ошентип аны иштен кетиришкен. Азыр "киргиздердин" башында мына ушулар турат. Алар "орус тилин эне тилибиз" деген. Үзөнгүкууш Кытайга кетсин деген кишилер кыргыз тилине каршы чыгып атат азыр. Кыргыздын жери да, тили да жаман булар үчүн. Баардыгын жеришет.

- Бегиш мырза, бул маселе боюнча өзбек, казактар эбак эле өз сөзүн айтып коюшкан. Ушуга карабай кыргыз тилинин келечегине каршы турган "киргиздер" бар экени байкалды. Ушулар кимдер? Аты-жөнүн айтыш керек го мындай учурда? Кимдин ким экенин эл билсин.

- Апсаамат Масалиевич, түштүктө аны "аксакалыбыз" дейт. Аксакалыбыз КПССтин биринчи секретарынан мурун Т.Усубалиев менен көп жылдар бою секретарь болуп иштеген. Экөө И.Разаковду 1961-жылы аябай сындаган. Мына ушул экөө азыр кыргыз тилине каршы чыгып атат. Булар баягы Орусияга жагынуу салтынан чыга албай жатышат. Бирге болуп келет, мындан ары да боло берет.

- Бегиш мырза өзүңүз билгендей Кыргызстанда жашаган орус тилдүү калкка бул мыйзамдын таасири кандай? Орус менен кыргыздардын ортосундагы мамилеге мыйзам тескери залакасын тийгизип койбойбу?

- Орусия менен Кыргызстан бирге болуп келген, бирге болуп атат, келечекте да бирге болот. Орус тилин үйрөтүш ар бир экономикалык кызыкчылыктан, саясий кызыкчылыктан сөзсүз керек. Азыр жүз миңдеген кыргыз балдары Орусияда оокат кылып атат. Бирок биздин 2000 жылдан ашык тарыхыбыз бар деп атабыз. "Манастан" берки маданиятыбыз бар, Саякбай, Сагынбай калтырып кеткен тилибиз бар. Муну сактабасак, сыйлабасак улут болуштун эмне кереги бар?!
XS
SM
MD
LG