Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: Кастык менен тамеки доспу? Кырк жылдан кийин ээси табылган капчык...


“Кызыктар дүйнөсүнүн” бүгүнкү чыгарылышында кастык менен тамекинин түздөн-түз байланышы, чумага каршы вакцина, кытайлык коммунистердин имижине сыйбаган жоруктар, “Гарри Поттер” чыгармасынын байыркы грек тилине котормосу, Нобел сыйлыгынын алтернативасы жана 40 жылдан кийин табылган капчык жөнүндө сөз болот.

Америкалык изилдөөчүлөр жакында өткөргөн сыноолор көрсөткөндөй, агрессивдүү, тез ачууланган адамдар тамеки чегүүгө генетикалык жактан жакындыгы менен айырмаланат экен.

Эксперимент учурунда агрессивдүү жана жумшак болуп эки топко бөлүнгөн кишилерге никотинге сиңдирилген чүпүрөктөр берилген. Мээнин реакциясы болсо сканнердин жардамы менен тартылып алынып турду. Натыйжада, жумшак, агрессивдүү эмес кишилердин мээсинде эч кандай өзгөрүүлөр байкалган эмес. Ачуулуу адамдарда болсо мээнин клеткалары никотинге дароо жооп бергени байкалган. Ошондой өзгөрүштөр өзгөчө тамеки чеккендер арасында көп болуп чыкты. Өмүрүндө бир да жолу чылымдын даамын татып көрбөгөн, бирок ачуусу мурдунун учунда турган кишилер деле тамекиге жакын болушат экен.


Жакында британ окумуштууларынын тобу чумага каршы вакцинаны сынактан өткөрүштү. Британиянын коргоо министрлигине таандык “Портон Даун” лабораториясынын адистери вакцина жакынкы бир-эки жылдын ичинде сатыкка түшүшү мүмкүн деп билдиришти. Чуманын вирусу террористтер үчүн оп-оңой эле бактериологиялык курал болуп бериши ыктымал.

Жылына дүйнөдө 2 жарым миңге жакын киши бул илдетке кабылат. Европада 14-кылымда бубондук чума миллиондогон кишинин өмүрүн кыйган.

Адамга чуманын вирусу бүргө аркылуу тарайт. Адам вирусту жугузуп алгандан 2-8 күн узабай орунун алгакчы симптомдору пайда боло баштайт. Алгылыктуу дарылоосуз чума өлүмгө алып келет.

Жаңы препарат адамдын организмине кыйыр түрдө да терс таасир этпей турганы аныкталды. Лабораториянын өкүлдөрү билдиргендей, эми вакцина башка, чоң масштабдуу сынактан өткөрүлөт.


Кытайдын башкаруудагы коммунисттик партиясы коммунисттерге тыюу салынган иш-аракеттердин тизмесин жарыялады. 178 күнөөнүн арасында паракорлук, сойкулар менен мамиле түзүү, маңзаттарын колдонуудан тышкары марксизмге ишенбөөчүлүк аталган.

Кытайлык коммунисттерге көңүлдөш күтүү, кумар оюндарды ойноо, сектанттык жана диний топторго мүчөлүк олуттуу айып экени эскертилет. “Туура эмес жолго” түшкөн коммунисттер партия менен кош айтышат. Мамлекеттик менчикке кол салуу же зордуктоо өңдүү оор кылмыштар да сотто эмес, биринчи кезекте, партиянын жыйынында каралууга тийиш.

Жаңы эрежелер боюнча өлкөнүн жогорку органы – саясий бюро партиянын борбордук комитетине отчет берип турмакчы. Андан тышкары маалымат каражаттары партиянын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат.


Үчүнчү жыл катары менен илимге эң аз салым кошкон (илимдин кадырын кетирген) илимпоздорго Нобел сыйлыгынын алтернативасы тапшырылып келатат. Мисалы, өткөн жылы жеңүүчүлөрдун арасына тооктор ажардуу кишилерге жакын болот экен деген изилдөөсү үчүн швециялык окумуштуулардын тобу киргизилген. Британиялык илимпоздор болсо футболчунун бир туугандарынын саны анын футбол талаасындагы ролуна кандай таасир этээрин иликтегени үчүн “сыйлыкка” илинген.

Бул факт күлкү келтирээрлик болгону менен, мындай иликтөөлөр маанилүү изилдөөлөргө терс залака тийгизет экен. Анткени салык төлөөчүлөр окумуштуулардын эксперименттерине ишенбөөчүлүк менен мамиле кыла баштайт.


Балдардын сүймөнчүгүнө айланган Гарри Поттер жөнүндөгү китеп байыркы грек тилине которулду. Мындай адаттан тышкаркы котормонун автору - англиялык мугалим Эндрю Уилсон. Анын ырастоосунда, бул – акыркы бир жарым миң жылдын ичинде байыркы грек тилине которулган эң узун текст.

“Менимче, бул идея мектеп окуучуларын байыркы тилдерге кызыктыруу максатында пайда болгон”, - дейт Уилсон.

Жоан Роулингдин китеби жаңы техникалык терминдерге бай. Аларды кантип котордуңар? деген суроого Уилсон: “Андай учурларда түшүндүрүү же сүрөттөө усулуна кайрылдым”, - деп жооп берди.

Жакында Уилсон Бедфорддогу мектептердин биринде балдарга котормосунан үзүндүлөрдү окуп берди. Бул жөнүндө бир окуучу: “Эмнелерди айтканын билбейм. Бир-эки сөзүн гана түшүнө алдым. Бирок абдан күлкүлүү болду” , - деп чынын айтты.


58 жаштагы Жулия Вилберг аттуу швециялык айымга 40 жыл илгери жоголгон капчыгы кайтарылып берилди. Белгисиз бирөө жиберген конвертке кызыл түстүү капчыктын жанына “Эч качан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Бул – сиз 40 жыл мурун жоготкон капчыгыңыз” деген сөз жазылган кагаз салыныптыр.

Эң кызыктуусу - капчыктын ичинен эч нерсе жоголбоптур. Квитанциялар, сүрөттөр, 45 крона, кыскасы, бардыгы тең ичинде экен. Ал кезде 45 крон чоң акча болчу деңизчи. “Мен жаштыгыма кайткандай болдум”, - дейт Вилберг айым.

Ал капчыгын өзү туулуп өскөн шаарда велосипед тээп жүргөн жеринен жоготкон болушум керек деген ойго азыр гана келип отурат. Андан бери Вилберг бир нече жолу адресин өзгөрткөн. 25 жылдан бери ал Малме шаарында турат.

“Капчыкты жөнөткөн киши табылаар, - деп үмүттөнөт Вилберг, - мени бул окуя абдан кызыктырып калды. Эң негизгиси, эмнеден капчыгымды 40 жыл илгери кайтарып беришкен жок?” – деп кызыгат швециялык айым. Сыягы, бул – жоопсуз кала бере турган риторикалык суроо окшойт.
XS
SM
MD
LG