Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:38

ИРАКТЫН УБАКТЫЛУУ КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН ДОЛБООРУ БОЮНЧА ТАЛКУУ УЛАНТЫЛУУДА


Айнура ЖЕКШЕ кызы, Прага шаары Ирактын убактылуу Башкаруу кеңеши өткөөл доордун конституциясынын долбоору боюнча талкууларын улантып жатат. Документти кабыл алуу мөөнөтү кечээ (ишембиде) соңуна чыкса да, кеңештин мүчөлөрү бүгүн-эртең бир мунасага келүүгө үмүттөнүп жатышат. Талаш-тартыш тутанткан негизги маселе – шарияттын конституциядагы ролуна байланыштуу болууда.

Өткөөл доордун конституциясына кол коюу салтанаты эми шаршембиде, шийилердин диний майрамы аяктагандан кийин өтүшү ыктымал.

Убактылуу Кеңештин мүчөлөрү айрым маселелер боюнча карама-каршы турумда кала бергени менен, кыска мөөнөттүн ичинде бир өз ара жеңилдик (компромисс) табылат деп эсептешет.

Ишембиде Ирактын америкалык администратору Пол Бремер Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуп, пикир келишпестиктерди жоюу жолдорун талкуулады. Кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү конституциянын жоболору шариятка негизделиши керек деген сунушка каршы чыгышты. Араздашууну пайда кылган экинчи маселе – күрттөрдүн автономиясына, дагы бирөө - аялдардын укуктарына байланыштуу.

Ислам эрежелеринин үстөмдүгүн жактаган шийилердин өкүлү, кеңештин мүчөсү Муаффак ар-Рубаи олуттуу проблемалар бар экенин моюнга алып, бирок “биз компромисс табуу жолун үйрөнүп жатабыз” деп кошумчалады.

Долбоордун соңку вариантын Пол Бремер жактырууга тийиш. Эгерде конституцияга исламдын мыйзамдары түпнегиз болушу керек деген сунуш өтүп кетсе, Бремер ага вето койоорун эскертти. Кеңештеги либералдар жана АКШнын расмий адамдары “ислам - мыйзам чыгаруунун булагы гана болушу керек” деген пикирдие.

Убактылуу конституция жакынкы болочокто туруктуу башмыйзам кабыл алынганга чейин колдонулмакчы. Бирок тараптардын бардыгы тең азыртадан эле болочокку турумдарын бекемдеш үчүн, өз таламдарын катуу талашып жатышат.

Айрым байкоочулар болсо, конституция кабыл алынган күндө да, ал калктын нааразылыгын жаратпай койбойт деп эсептешет.

Лондондук эксперт Йахйа Сайид мындай пикирде:

- Биринчиден, негизги мыйзам боюнча консултациялар жетиштүү болгон жок. Ирактыктардын көпчүлүгү анын долбоорун көрүшкөн да жок. Конституция эртең жарык көрсө, эл абдан нааразы болот. Анда эмне жазылбасын, калк аны менен акылдашып-кеңешпегендиги үчүн нааразы болот.

Анын ырастоосунда, туңгуюктан чыгуунун эң жакшы жолу – азыр колдогу долбоорду бекитип, кийинчерээк кээ бир толуктоо же өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Башкаруу кеңешинин күрт улутундагы мүчөсү Махмуд Осман (Mahmoud Othman) болсо маселелерди таптакыр чечилбеген бойдон калтыруудан көрө, конституциянын кабыл алынышын кийинкиге калтыруу оң деп эсептейт.

- Ирак эли 45 жылдан бери бул мыйзамды күтүп келишти. Бул жараян бир нече күнгө созулуп кетсе, андан эч нерсе болбойт , - дейт Осман.

XS
SM
MD
LG