Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:42

ХХ К. БАШЫНДА ПАДЫШАЛЫК ТӨБӨЛДӨР ДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛДИН ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮДӨН БАШ ТАРТПАГАН


Кыяс Молдокасымов, Бишкек. Кыргыз парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан «Мамлекеттик тил» мыйзамы кабыл алынган соң, анын айрым беренелерин кээ бир саясатчылар кескин сынга алып, кызмат адамдарынын кыргыз тилин билишинин зарылдыгына каршы болууда. Мына ушундай эле талаш-тартыштар Совет доорунда гана эмес, падышачылык Орусиянын учурунда да болуп, натыйжада чөлкөмдө кызмат өтөгөн падыша төбөлдөрү жергиликтүү элдин тилин билиши, үйрөнүшү зарыл деген бүтүм чыгарылат. Мындай бүтүм 1906-жылы 7-февралда Түркстан Генерал губернаторунун атайын Жарлыгы менен бекемделген.

Өткөн жолу макалабыздын биринчи бөлүгүндө Орусия империясынын Түркстан чөлкөмүн башкарып турган өкүлү, генерал губернатор Деан Иванович Суботич 1906-жылы 7-февралда «Жергиликтүү элдин тилин, үрп адатын башкаруучу төбөлдөр милдеттүү түрдө үйрөнүүсү жөнүндө» Жарлык чыгарганын айткан элек. Жарлык «Түркстан чөлкөмүндө жергиликтүү элдин тилин, маданиятын, үрп адатын эл башкарган кызматкерлердин билбөөсү акылга сыярлык көрүнүш эмес» деген баш сөз менен коштолуп, «Түркестанские ведомости» гезитине 1906-жылы февраль айында басылган.

Андан соң Жарлыктын аткарылышы тууралуу гезит бетинде жарым жыл бою кызуу талкуу жүрүп, ага ошол кезде Түркстан чөлкөмүндөгү падышалык төбөлдөр, окумуштуулар аралашып, алардын пикирлери жарым жыл бою гезит бетине басылып турган. Талкуу учурунда Академик В. Бартольд сыяктуу көрүнүктүү окумуштуулар да сунуш айтып үн кошкон.

Ошентип жарым жылга созулган талкуу август айында жыйынтыкталып, түшкөн сунуш пикирлерди ишке ашыруу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия келип түшкөн бардык сунуштарды, пикирлерди иликтеп чыгып, атайын чечим кабыл алат. Ал 1906-жылы 22-23-августта «Туркестанские ведомости» гезитине «Түркстан чөлкөмүндөгү кызматкерлердин жергиликтүү тилди үйрөнүшү тууралуу маселе боюнча, келип түшкөн бардык сунуштардын жыйындысы» деген аталышта басылган.

Бул документте ачык эле жергиликтүү элдин тилин билбеген, үйрөнбөгөн чиновниктердин кызматта иштөөсүнө чек коюлган. Алгачкы убактарда аталган Жарлыкты ишке ашыруу үчүн бир топ иш-чаралар ишке ашырылып, бирок генерал-губернаторлордун тез-тез алмашып туруусунан улам иш солгундап кеткен.

Бул тууралуу 1908-жылы «Жергиликтүү элдин тилин үйрөнүү» жөнүндө Жарлык чыккандан 2 жыл өткөндөн кийин анын аткарылышы тууралуу Ташкенттеги мугалимдер семинариясынын директору Николай Остроумов жазып чыккан. Анын макаласы 1908-жылы 25-сентябрда «Дагы бир жолу Орто Азиядагы орус чиновниктеринин жергиликтүү тилди үйрөнүүсүнүн зарылдыгы жөнүндөгү темага карата» деген аталышта «Туркестанские ведомости» гезитине басылган.

Н. П. Остроумов Түркстан чөлкөмүндө 40 жылдан ашуун билим берүү тармагында эмгектенип, жергиликтүү элдин тилин, салт-санаасын, маданиятын, тарыхын мыкты билген. Ал өзүнүн макаласында «Россия» аттуу гезитке жарыяланган бир макаланы мисалга келтирет. Анда:

- Бөлөк элди башкаруунун биринчи шарты алардын тилин билүү болуп саналат. Индияда бир да англичан, эгерде ал жергиликтүү тилдердин негизгилеринин бирин билбесе, атуулдук (граждандык) башкарууда кызмат орундарын ээлей албайт. Голландиялыктардын бири да, эгерде ал жергиликтүү элдин тилин билбесе, Инсуменде да, голландиялык Индияда да кызматта иштей албайт, - деп жазылган.

Мына ушул макалада айтылгандарды мисалга келтирүү менен Н.П Остроумов:

- Орто Азиядагы орус чиновниктердин жергиликтүү тилдерди үйрөнүү зарылдыгы жөнүндөгү маселе көп жолу жергиликтүү гезиттерде жазылып, нечендеген комиссияларда талкууланды, бирок ушул кезге чейин бул маселе толук чечилип бүтө элек, - деп, Түркстандагы падышалык төбөлдөрдүн шалаакылыгын сынга алган.

Ошондой эле Н.П Остроумов бул макаласында:

- Cаясатта маселени олуттуу өлчөмгө жеткен кезде эмес, маселе пайда болоор замат чечүү керек. Маселе олуттуу өлчөмгө жеткенде аны чечүү көп күч жумшоону, кээде көп өмүрдү талап кылат. Ал үчүн орус чиновниктери жергиликтүү элдин тилин өздөштүрүүсү зарыл, - деген оюн айткан.

Мындан туура жүз жыл мурун талкууга алынган жергиликтүү элдин тилин үйрөнүү маселеси бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы «Мамлекеттик тил» жөнүндөгү мыйзамдын тегерегиндеги талаш-тартыштарга үндөшүп турат. Болгон айырмасы - учурда Кыргызстан оторчулук доордун баскынында эмес, эгемендүүлүк доордо, эркиндиктин туусу алдында жашап жаткан кези.
XS
SM
MD
LG