Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Өтмөк ашуусу аркылуу каттоо калыбына келтирилди


ТАЛАС. 28-февраль күнү кечинде Өтмөк ашуусу көчкүдөн тазаланып бүттү. Бишкек-Ош жолунда адам өмүрлөрүн алып кеткен кар көчкүдөн улам Таласка өтүүчү Өтмөк ашуусундагы ушундай эле коркунуч туудурган кар көчкүнү атып түшүрүү зарылчылыгы келип чыккан. 26-февраль күнү кечки 18.30 Койташ аскер бөлүгүнүн замбирекчилеринин жардамы менен Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 209-чакырымында алты жолу атуу жүргүзүлүп, коркунучтуу жерлердеги кар көчкүлөр түшүрүлдү. Талас облустук жол башкармалыгына караштуу №36 жол тазалоо ишканасынан эки бульдозер, бир автогрейдер эки күн ичинде жолду жаап калган 22 миң кубометр кар көчкүнү тазалап бүттү. Автоунаанын Өтмөк ашуусу аркылуу каттоосу 29-февраль күнү эртең менен кайрадан калыбына келтирилди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин Талас облусундагы штабынан ушул эле күнү маалымдашты.

XS
SM
MD
LG