Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Акыйкатчы парламенке отчет даярдоодо


БИШКЕК. Март айында акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңешке бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча отчет берет. Бул жөнүндө бүгүн акыйкатчынын кеңсесинен маалымдашты. Акыйкатчы өз докладында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, сот, прокуратура, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзамсыз иштер, жаза өтөө жайларындагы бүгүнкү абал жана көптөгөн башка маселелер жөнүндө маалымдайт. Ошону менен бирге акыйкатчы бул маселелерди чечүү жолдору боюнча ой бөлүшөт. 2003-жылы акыйкатчыга 14 миңден ашуун адам арыз менен кайрылган. Ал эми 15-февралда Тусунбай Бакир уулу президент Аскар Акаевге кат жолдоп, өлкөдөгү сот системасын, ички иштер органдарын реформалоо, жаза өтөө жайларындагы абалды жакшыртуу боюнча сунуштарын айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG