Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

КЫРГЫЗСТАН: КЫШТЫН АКЫРКЫ АПТАСЫНЫН ОЛУТТУУ ОКУЯЛАРЫ


Өтүп бараткан жумада Кыргызстанда негизги окуялар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө байланыштуу болду. Маселен, бул аптада тышкы иштер министри Аскар Айтматов АКШга сапар алса, Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөрдүн премьер-министрлери Алматы шаарында чогулушту. Андан сырткары Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта корунун миссиялары Бишкекте иштеди.

Апта башында Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин башчысы Рамазан Дырылдаев бийлик башчысы Аскар Акаевди коррупцияга байланыштуу дагы бир жолу айыптап чыкты. Андан кийин АКШнын мамлекеттик департаментинин адам укуктары боюнча жылдык отчету жарыяланып, анда да Кыргызстанда коррупция өлкөнүн баш-аягын толук каптагандыгы тууралуу сын айтылды. Отчетто 2000- жана 2002-жылдардагы шайлоо, 2003-жылдагы Конституциялык референдум сынга алынып, референдум президенттин бийлигин күчөтүп, парламенттин жана конституциялык соттун бийлик ыйгарымын алсыздатканы белгиленди.

Бирок Кыргызстандын расмий бийлиги Рамазан Дырылдаевдин билдирүүсүн четке кагып, ал эми АКШнын мамлекеттик департаментинин отчетунда Кыргызстандагы кырдаалды жакшы билбестен жазылган материалдар да камтылган деген турумун (позициясын) билдирди. Мындай сөздү президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев «Азаттыктын» кабарчысына айтты:

- Отчетто чыныгы кырдаалды билбестиктен, түшүнбөстүктөн жазылган материалдар да бар экен. Биздин парламент дагы, аткаруу бийликтин өкүлдөру да ага толук кошула бербейт, себеби жакын арада Конституциялык өзгөрүү болуп, ага ылайык президенттин бир топ ыйгарым укуктары парламентке жана өкмөткө өткөрүлүп берилген.

Ушул жумада Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов Америка Кошмо Штаттарына жумуш сапар менен барды. А. Айтматовдун АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл баш болгон расмий өкүлдөр менен жолугушуусу белгиленген. Мамлекеттик департаменттин маалымат кызматынын өкүлү Ричард Баучердин 25-февралдагы билдирүүсүнө караганда, Айтматов менен Пауэллдин жолугушуусунда 2005-жылдагы президенттик жана парламенттик шайлоо маселеси, баңги заттарын ташууга бөгөт коюу, адамдарды соодалоого каршы күрөшүү боюнча сөз болоору алдын-ала белгиленген. Айтматов бейшембиде «Азаттык» үналгысынын Вашингтондогу кеңсесине да келип, журналисттер менен Борбор Азия аймагынын коопсуздугу жана башка маселелер боюнча баарлашты.

27-февралда болсо Алматы шаарында Евразия экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттердин премьер-министрлеринин жыйыны болду. Анда кыргызстандыктар көңүл бура турган орчун нерсе, бул - Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтерин куруу идеясын турмушка ашырууда реалдуу иштердин башталышы тууралуу талкуу болду окшойт. Вице-премьер министр Базарбай Мамбетовдун айтымында, бул ГЭСтерди куруунун техникалык-экономикалык негиздерин Россиянын РАО ЕЭС компаниясы ушул жылы иштеп чыгат.

Өтүп бараткан апта ичинде Кыргызстанда иштеген Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун миссиялары өлкөдөгү реформаларга карата эки ача пикирлерин билдирди. Маселен, марттын аягында келиши күтүлүп жаткан, бирок ага чейин кезексиз миссия менен келип калган Эл аралык валюта корунун миссиянын башчысы Таапио Саавалайнен премьер-министр Танаев менен жолугушуусунан кийин 3 жылдык программанын аткарылышы өз нугунда жүрүп жатат деп билдирди. Ал эми Дүйнүк банктын миссиясынын башчысы Роланд Кларк бийлик үч мыйзамды кабыл алууга жетише алган жок деп, өлкөгө GSAK долбоорунун алкагындагы экинчи траншты берүү кечеңдетилээрин билдирди.

Президент Аскар Акаевдин Барвихадагы эс алуусунун аягында, демек тил жөнүндө мыйзамга карата мамлекет башчысынын туруму ачыкка чыгаар алдында, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды колдоо ишине Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев киришти. Ал бул максатта атайын маалымат жыйынын өткөрүп, мыйзам Конституциянын бир да беренесине каршы келбесин билдирди:

- Мыйзамда Конституцияга каршы келген берене жок. Эгерде кайсы бир адам мамлекеттик кызматта иштегиси келсе, анда ал мамлекеттик тилди билиши керек.

Ал эми өлкөдөгү эки ири жана белгилүү өкмөттүк эмес уюмдардын бирикмелери «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдар коалициясы менен «Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес» уюмдардын ассоциациясы мамлекеттик тилди практикалык жактан колдоо акциясын жасап, мындан ары расмий иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүшөөрүн жарыялашты.

Андан сырткары бул жума өкмөттүк эмес уюмдардын дагы бир жеңиши менен коштолду. «Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес» уюмдардын ассосациясы Карабалта тоо кен комбинатында германиялык уран чийкизатын (сырьесун) иштетүүгө жана анын калдыктарынын Кыргызстанда калышына каршы чыгып, натыйжада өкмөт Карабалта тоо кен комбинаты менен германиялык фирма түзгөн келишимди жокко чыгарды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG