Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

Укук коргоочулар тергөө изоляторлорунда мониторинг жүргүзүшөт


БИШКЕК. Адам укуктары боюнча кыргыз комитети март айынан тарта Кыргызстандагы убактылуу тергөө изоляторлорунда мониторинг жүргүзөт. Комитет тергөө изоляторлорунда кармалгандардын укуктарынын сакталышын жана тергөө изоляторлорундагы шарттар канчалык деңгээлде талаптарга жооп берээри боюнча иликтешет. Бул тууралуу бүгүн аталган комитеттин төргасы Болот Тыналиев «Азаттыкка» маалымдады. Укук коргоо уюмуна мындай иш-чараларды жүргүзүү үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан грант түрүндөгү каражат бөлүнүүдө. Буга чейин тактап айтканда өткөн жылдын аягында акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандын аймагындагы убактылуу тергөө изоляторлорунда болуп, алардагы абал өтө начар экендиги жөнүндө маалымдаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG