Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Бишкек-Ош жолу күндүзү гана ачык


БИШКЕК. Бишкек-Ош жолунун 121, 138, 198 жана 265- чакырымдарында кар көчкү коркунучунун сакталышына байланыштуу жакынкы күндөрү да унаа каттамдары күндүзү гана жүргүзүлөт. Бул жөнүндө бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. 27-февралдан тартып Бишкек-Ош жолу унаа каттамдары үчүн эртең мененки саат 5тен кечки саат 17ге чейин гана ачылууда. Учурда Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гирометеорологиялык борборунун 36 кызматкери Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү болушу ыктымал жерлерди иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

XS
SM
MD
LG