Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

САПАТТУУ БИЛИМ АЗЫРЫНЧА - ИЗГИ ТИЛЕК, ИЛГЕРИ ҮМҮТ


Кыргызстанда сапаттуу билим берүү тууралуу арбын айтылат. Ага карабай мектептерге мугалим, окуу куралдары жетишпейт. Мектеп программасын толук өздөштүрө албаган улан-кыздардын көбү 60тан ашуун жогорку окуу жайларына өтүп, адистик билимин алышууда. Республикадагы 200 миңге жакын студенттердин 70% билим деңгээли тийиштүү деңгээлде эмес деген маалыматтар бар. Мектептер менен жогорку окуу жайларында баа сатып алмай, паракордук кулач жаюуда деген да пикирлер да жок эмес.

Кыргызстандын билим министрлиги билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалык түзгөн. Жаңы түзүмдүн аракети менен өткөн жылы төрт облуста текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы ахывал абыдан кыйын экендигин көрсөттү. Жалалабад облусунда билим берүүнүн сапаты 10%, Көлдө 13%, Нарында 17%, Таласта 27% түзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар билим берүү бөлүм жетекчилери, биртоп мектеп директорлору кызматынан алынды. Бирок мындан улам тармакта олуттуу жылыш болуп кетиши деле күмөн. Министрлик республикадагы 2037 мектептин директорлору чарбалык иштер менен көбүрөөк алектенип, билим сапаты тууралуу кам көргөнгө убакты-сааты жетишпестигин эң жакшы билет.

- Мектеп директорлору чарба иштерин гана билип калышты. Мектепти оңдоо жумуштары, жарык, жылуулук жана башка иштер менен гана алектенип, билим сапаты, тарбиялоо, окутуунун деңгээлин жогорулатуу аракетин көрүүнү көбү унутуп коюшту, - дейт министр Ишенгүл Болжурова.

Мектеп турмушундагы дагы бир олуттуу проблема - мугалимдердин жарыбаган маянасы. Ал дагы убагында берилбейт. Быйыл өкмөт мугалимдердин айлыгын 30% көтөрүү аракетин көрүүдө. Анткен менен өкмөт өткөн жылдын маянасын мугалимдерге толук бере элек.

Оор турмуштун айынан мектепке бара албай калган окуучулар деле көп. Билим министрлигинин маалыматы боюнча, андайлардын саны 2002-жылы 1642 жетсе, өткөн жылы 1344 бала мектепке барган эмес. Бирок бул сан өтөле төмөндөтүлүп берилгендигин министрликтин быйылкы жылы Бишкек менен Ошто кечки мектептерди ачуу аракети кыйыр ырастап турат. Министрлик кыйладан бери мектепке деп акча чогултуу жосунун жөнгө салуу аракетин жасап келатат.

- Мисалы биз момундай фактыга күбө болдук. Бишкектин айрым мектептеринде Конституция, мыйзам, министрлик буйругун одоно бузуп мектептин коомдук фондусунун кирүү мүчөлүк акысын 300 сомдон 20 миң сомго чейин жеткиришкенин аныктадык. Бир бала үчүн ушунча акча алуу мектепти колдоо фонду идеясын элге суук тумшук көрсөткөндөн башкага жарабайт,- дейт И.Болжурова.

Шаардагы көп мектептердин мугалимдери кошумча сабак өтүүнү акча табуунун ыгына айлантып алышкан. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгын жетекчиси Алтын Исмаилова мындай көрүнүштү жоюу аракети көрүлүп жатканын айтты:

- Текшерүүдөн кийин бир катар мектептердеги акы алып жекече сабак өтүү аракетин тыйдык.

Ушундай эле жагдай жогорку окуу жайларында көнүмүшкө айланган. И.Болжурованын айтуусунда, өткөн жылкы текшерүүнүн жыйынтыгында 2-курста окуган студенттердин 70% эптеп “орто” баанын деңгээлинде сабакты билээри аныкталган.

- Негизги чен-өлчөм билим алуу эмес, эптеп эле дипломго жетүү аракети болуп калды. Мектепте да, жогорку окуу жайында да убакыт өткөрүп, баа койдуруп күбөлүк, диплом же сертификатка жетишүү максатын көздөгөндөр көп.

Республикада адистерди артыкбаш даярдоо тенденциясы дагыле токтоло элек. Экономика, юрист, туризм, эларалык мамилелер боюнча адистер талаптан алдаганча арбын даярдалган. Кийинки жылдары эле юрист адистигине ээ болуп чыккан бүтүрүүчүлөрдүн саны 14 миңге жеткен.

Билим сапатын көтөрүү кыйла жылдарды камтый турган оор милдет. И.Болжурова бул мидетти ишке ашыра алабыз деген ойдо:

- Биздин алдыбыздагы чоң максатыбыз – билимдин сапатын көтөрүү. Тестирлөөнү өткөрүп жатабыз, коррупция, протекцияга каршы күрөшүүдөбүз, билим сапатын көтөрөбүз.
XS
SM
MD
LG