Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Испан полициясынын “олжосу”


Испаниянын полициясы жарым тоннадан ашуун жардыргыч зат жүктөгөн автомобилди колго түшүрдү. Испан бийликтеринде баскелик жикчилердин ЭТА тобу жардыргыч заттарды Мадридде террордук чабуулдарды уюштуруу үчүн пайдаланышы ыктымал деген шектенүү бар.
Эртең менен Суека провинциясында өткөрүлгөн рейд учурунда ошондой эле ЭТАнын мүчөсү деп шектелген эки адам кармалды.
ЭТА акыркы 35 жылда Испаниянын Францияга чектеш түндүк аймагында баскелердин күнкорсуз мамлекетин куруу үчүн күрөшүүдө жана 800дөн ашуун адамдын өлүмү үчүн жооптуу деп күнөөлөнүүдө.
14-мартта Испанияда жалпы элдик шайлоо өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG