Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Гамбургдагы шайлоо: Башкаруучу партия жеңишке жетеби?


Германиянын экинчи чоң шаары Гамбургда бүгүн шайлоо өттү. 1 миллион 200 миллионго жакын шайлоочу штаттын жаңы өкмөтү үчүн ат салышкан партияларга добуш беришет. Өткөн жылдын чыга беришинде штаттын үч партиялуу өкмөтү ич ара келишпестиктен улам ыдырап калган.
Добуш берүү канцлер Герхард Шрөдер катарындагы Социал-демократтык партия-СДП үчүн чоң сыноо саналат. Соңку сурамжылоого караганда, СДПны шайлоочулардын 25 проценттен азы, оппозициядагы Христиан-демократтык партияны ар бир төртүнчү шайлоочу колдойт.
Штат деңгээлиндеги Гамбург шаарын 44 жыл бою башкарып келген СДП 2001-жылкы шайлоодо бийликти үч партиялуу коалицияга алдырып койгон. Шрөдер болсо анын социалдык саясатына болгон нааразылыктан улам ай башында СДПнын төрагалыгынан кеткен.

XS
SM
MD
LG