Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Ырасмий Пхеньян Вашингтонду “ийкемдүүлүккө” чакырды


Түндүк Кореянын шектүү өзөктүк программасы боюнча жүрүп жаткан алты жактуу сүйлөшүүлөрдө ийгилик болуш үчүн, Кошмо Штаттары сүйлөшүүгө болгон мамилесин өзгөртүүсү шарт. Ансыз көп жактуу сүйлөшүүнүн “максатына жетери кыйын” деп айтылат Түндүк Кореянын өкмөттүк маалымат агенттигинин билдирүүсүндө.
Комунисттик Кореянын өзөктүк программасы боюнча кечээ Бээжинде аяктаган сүйлөшүүгө Түндүк жана Түштүк Корея, АКШ, Кытай, Япония жана Россия катышты.
Кытай сүйлөшүүдө ишенбөөчүлүк болгону менен, сылык-сыпайы өттү десе, АКШ сүйлөшүүгө “өтө орчундуу жана үзүрлүү болду” деп баа берди.

XS
SM
MD
LG