Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:00

Гаитинин президенти Жан-Бертранд Аристид журтунан качып чыкты


Гаитинин президенти Жан-Бертран Аристид коңшулаш Доминикан Республикасына качып чыкты. Премьер-министр Йвон Нептундун сөзүнө караганда, Аристид “кан төгүүдөн качып”, өлкөнү калтырып кеткен жана Жогорку Соттун төрагасы Бонифаси Александр президенттин милдетин аткарууда. Александр бүгүн кечинде президент катары антка келтирилет.
Маалыматтарга караганда, кечээ кечинде борбор шаардын Президенттик сарай жайгашкан бөлүгүндө аткылашуу, мүлк тоноо жана атайылап өрт коюулар болду.
Өлкөнүн теңинен көбүн контролдогон адаватчылар Аристидди коррупцияга батты жана оппозицияга каршы куралдуу чабуул жасады деп күнөөлөшүүдө.
Козголоңчулар ушу тапта борбор шаар Порт-о-Принсиге 40 чакырымдай жакындап калышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG