Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Ирактын Башкаруу кеңеши убактылуу Конституцияны талкуулап жатат


Негизги пикир келишпестиктер өлкөнүн күрддөр жашаган түндүгүндөгү чөлкөмдөрүнүн статусуна, аялдардын укуктарына, шарият мыйзамдарынын коомдук турмуштагы ролуна байланышкан маселелерде сакталууда.
Ал эми кечээ Багдадда жол четине катылган бомбанын жарылуусунан эстониялык бир жоокер каза тапты. Бул - Иракка жиберилген эстон аскерлери арасындагы алгачкы жоготуу. Кечээ ошондой эле Абу-Даби шаарында эларалык донорлордун Ирак боюнча конференциясы аяктады. Конференция катышуучулары Иракты калыбына келтирүү боюнча Улуттар уюму менен Дүйнөлүк банк биргелешип башкарган фондго жалпысынан 1 миллиард доллар чегерүүнү убада кылышты. Аталган каражатты ажыратуунун жол –жоболору май айында Катарда болуучу конференцияда талкууланат. Буга чейин былтыр октябрда Испанияда өткөн конференцияга катышкан 73 өлкө Иракка жалпысынан 33 миллиард доллар берүүнү убада кылышкан эле.

XS
SM
MD
LG