Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

АКШ Гаитиге аскер жөнөтүүдө


Үч аптага созулган куралдуу козголоңдун натыйжасында Гаитинин президенти Жан–Бертранд Аристид кечээ кызматынан чегинип, өлкөдөн качып кеткен эле. Ал кайсыл жерден башпаанек алаары азырынча белгисиз. Гаитиге аскер жиберүүгө даяр экенин АКШ, Франция, Канада билдиришти. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш:
-Мен деңиз аскерлерин жиберүүнү буюрудум, алар Гаитиде тартипти жана туруктуулукту камсыздоо боюнча эларалык операцияда негизги ролду ойнойт. Биз муну эларалык коомчулук менен биргеликте жасадык, - деп билдирди.

Гаитиге эларалык аскерлерди киргизүү маселеси учурда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланууда жана анын соңунан тиешелүү резолюция кабыл алышы керек. Өлкө Конституциясына ылайык мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары эми буга чейин Жогорку сотту башкарып келген Александр Бонифакка өттү. Мунун аралыгында, Гаитинин борбору Порт-о Пренс шаарында мыйзамсыздык уланууда. Кабарларга караганда, башкалаада талап-тоноолор, уурдоолор күчөдү.

XS
SM
MD
LG