Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

ООРУЛУУ БАЛДАРДЫН ТАГДЫРЫ ООР


Кыргызстанда дарыланып-айыгып чыгышы көп каражатты талап кылган оорулуу балдардын тагдыры өтө эле оор.

Балдардын жүрөк, шал, кант диабети оорулары көбөйүп, аларды дарылоо кымбатка турат. Мисалы, жүрөккө операция жасоого 3000 АКШ доллары керек болсо, шал оорусун Москвадан дарылатууга 4000-5000 доллардын тегерегинде каражат керек. Оорукчан балдардын артында баланын тагдыры үчүн азап чегип чаалыккан ата-энелер турат. Алардын көпчүлүгү - ишсиздер, жакыр тургандар, жалгыз бойлор. Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кайрылганыбызда министрликтин медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Динара Сагынбаева буларды айтты:

- Соңку жылдарда балдардын жүрөк оорулары көбөйүп, ата-энелерден операция жасатууга жардам сураган каттар, арыздар көп түшүүдө. Ошондой эле кант диабети, шал оорулары менен көп кайрылышат. Мындай ооруларга жасалчу операциялар жогорку технологиянын күчү менен жасалат. Андыктан алардын акысы кымбат. Өткөн жылы өкмөт мындай операциялар үчүн 7 млн. сом караган. Быйыл да ушундай эле өлчөмдө акча бөлүнмөкчү. Бирок бул - жетишсиз. Ата-энелери оор ахыбалда, жетишсиз турган балдарга операциялар фонддун эсебинен бекер жасалат. Көпчүлүк учурларда кайсы бир өлчөмүн ата-энелер төлөшөт.

Токтогул районунан Бишкекке келип, жардам сурап жүргөн Күмүшкан Өзүбекованын 16 жаштагы баласы Азаттын салмагы болгону 23 кило, бою болсо 120 сантиметр гана. Бой өстүрүүчү «Хумотроп» деген дары менен бир курс дарылоого 1500 АКШ доллары талап кылынат экен жана андай курс бир нече жолу кайталанууга тийиш. Ал тууралуу Күмүшкан Өзүбекова мындай дейт:

- Балам Асанов Азаттын оорусуна байланыштуу Бишкекте чуркап жүрөм. Бою 40 сантиметр жетпейт, ал эми салмагы болсо 33 килограммга кем. "Мээрим" фондуна кайрылдым, аларда акча жагынан жардам берүү деген болбойт экен. «Мээрим» фонду «акчаны байгер, бизнесмен адамдардан табыңыз» дешти. Бирок мага окшогон адамдар көп экен. Спонсор деле табалган жокмун.

Күмүшкан Өзүбекова 10 жылдан бери майда соода менен күн кечирип келет, жалгыз бой. Уулу Азат башта бутуна тепкич коюп доскага жазып жүрчү. Былтыртан баштап балдардан корунуп, мектепке барбай койду.

XS
SM
MD
LG