Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Таласта сот чечимдерине нааразы болгондордун саны өстү


ТАЛАС. Бакайата районундагы Боотерек айылынын аксакалдар сотунун төрагасы Самүдин Сыдыгалиевдин арызында ал өзүнүн үлүш жеринин бир бөлүгүнөн соттун туура эмес чыгарган чечиминин негизинде ажырап калгандыгын айтып, адилеттик издейт. Дагы бир арызды Карабуура районундагы Кызыладыр айылынын тургуну Жумадил Саадабеков карыя жазган. Ал өмүр бою багып жүргөн бак-даракты сатып алгандыгына карабай, азыр анын үстүнөн башка бирөөлөргө сатык уюштурулуп жатканына нааразы. Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгүнө өткөн жылдын төрт айында ушундай мүнөздөгү 18 арыз түшүп, 32 адам ооз эки жардам сураса, быйылкы жылдын эки айында 12 арыз жазылып, 14 адам жардам сурап кайрылган.

Кабарларды Азиза Турдуева, Аманбек Дилденбай жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG