Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Ош губернатору маалымат жыйынын өткөрдү


ОШ. Облус губернатору Накен Касиев журналисттерге социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылында облус элин жакырчылыктан кантип алып чыгуу, жашоону кантип жакшыртуу тууралуу айтып өттү. Анын берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө облуста жакыр жашаган 14 миң үй-бүлө бар. Облус элин жакырчылыктан чыгаруу үчүн биринчи орунда айыл-чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү, жер иштетүү жана мал өстүрүү үчүн берилүүчү кредиттерди көбөйтүү жана ишкердикти өнүктүрүүгө аракет жасоо керек. Ошондой эле элге кредитти үрөн, урук жана көчөт түрүндө берүү, жерин иштете албагандарга жергиликтүү жамааттар өз ара жардамдашуу топтору аркылуу колдоо көрсөтүү тууралуу айтылды. Мындан сырткары губернатор журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Ош облусу республикадагы кедей облустардын бири экендигин мойнуна алды.

XS
SM
MD
LG