Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Кочкордон Бишкекке нааразылык жөө жүрүшү


НАРЫН. "Соттордун акыйкатсыздыгына нааразылыгымды билдирип чукул арада Кочкордон Бишкекке жөө жүрүшкө жөнөйм" деп билдирди 1-мартта "Азаттыкка" Калиса Бейшеналиева. Ал жолду ачка басып өтүүнү болжоп жатат. Калиса айым Бейшенаалы дыйкан чарбасына тиешелүү кашарды мыйзамсыз алып коюшту деп 1998-жылдан бери соттошуп келе жатат. Жогорку соттун кайра каралсын деген токтомуна ылайык ушул жылдын 20-февралында Нарын облустук сотунда бул иш каралып, андагы чечим жабырлануучуну канаттандырган эмес. "Мыйзам боюнча бүт документтерим турса да, соттор мыйзамды бузушууда. Кыргызстандын акыйкатсыз соттору үчүн Ак үйдүн алдында өзүмдү өзүм өрттөйм", дейт Калиса Бейшеналиева.

XS
SM
MD
LG