Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

БУУнун өнүктүрүү программасынын негизги иш багыттары белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Бишкектеги кеңсесинде аталган уюм тарабынан Кыргызстанды өнүктүрүү багытында жакынкы жылдары жүргүзүлө турган иш-чаралардын негизги багыттары талкууланды. Жыйында маалымдалгандай, жакынкы беш жылдын ичинде Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы тарабынан Кыргызстанда демократиялык башкарууну колдоо, өлкөдө кедейчиликти кыскартуу, сот системасындагы, административдик жана башка тармактардагы реформаларды колдоо багыттары боюнча долбоорлор ишке ашырылат. Жыйынга Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович, президенттик администрациянын жетекчиси Тойчубек Касымов, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, эларалык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG