Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

В.ПУТИН МИХАИЛ ФРАДКОВДУ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛИККЕ СУНУШТАДЫ


Муса Мураталиев, Москва шаары Дүйшөмбүдө Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик думанын «Бирдиктүү Орусия» фракциясынын өкүлдөрү менен жолугуп, анын жүрүшүндө өкмөт башчылыгына Михаил Фрадковду ылайык көрөрүн билдирди. Азыркы тапта М.Фрадков Европа биримдигинде Орусиянын атайын өкүлү болуп иштейт. М.Фрадков - көпчүлүк үчүн күтүүсүз талапкер болуп чыкты.

1-мартта Орусиянын мамлекет башчысы В.Путин Мамлекеттик думада болуп, “Бирдиктүү Орусия” фракциясынын мүчөлөрү менен жолукту. Талдоочулар жолугушуу маалында президент В.Путин жаңы премьердин атын атайт деп атышкан. Ошондой болуп чыкты. Михаил Касьяновдун ордуна саясий чөйрөдө буга чейин анча белгисиз Михаил Фрадков сунуш кылынды. Өкмөт башчылыгына ылайык көрүп жаткан адам тууралуу Владимир Путин мындай пикирин билдирди:

- Абдан мыкты, көрөгөч башкаруучу. Ыймандуу адам. Бул талапкерди Мамлекеттик дума колдоого алат деген ишенимдемин.

Жолугушуу бүткөндөн кийин Мамлекеттик думанын төрагасы Борис Грызлов журналисттерге Михаил Фрадков депутаттардын сынына 5-мартта коюла тургандыгын айтты.

Михаил Ефимович Фрадков - курагы 53кө келген, үй-бүлөлүү, англис жана испан тилдерин билген адис. Айрым маалыматтар боюнча Самара облусунда, кээ бир маалыматтарга караганда Москвада туулган. 1972-жылы Москвадагы станоктук апсаптар институтун бүтүргөн. Он жылдан ашуун ар кайсы кызматтарды аркалаган. 1999-жылы Орусиянын соода министри болуп дайындалган. Бир жылдан кийин өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болгон. 2001-жылдын март айынан тартып эки жыл удаа Орусиянын салык полициясынын федералдык кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Былтыртан бери Орусиянын Европа биримдигиндеги өкүлү.

Михаил Фрадковдун өзү НТВ сыналгысына телефон аркылуу Брюсселден: - Бир нече күн мурда президент менен сүйлөштүм. Биз ушул теманы талкууладык. Ал мага сунуш киргизди. Мен макул болдум жана аны аткарууга даярмын, - деп билдирди.

Фрадковдун премьерликке көргөзүлүп жатышын Европа биримдиги колдой турганын уюмдун өкүлү Рейхо Кемппинен минтип билдирди:

- Биздин көз карашта, бул - Европа биримдиги менен байланышка Орусиянын кандай маани бере тургандыгын күбөлөндүргөн жакшы жышаана болду. Фрадков мырза Европа биримдиги жана анын маанисин жакшы түшүнөт, ошондуктан анын (премьер болуп – ММ) дайындалышы бири-бирибизди түшүнүүгө жана байланыштарды чыңдоого шарт түзөт.

Ал эми Мамдуманын депутаты Владимир Рыжков болочок премьер тууралуу мындай пикирин айтты:

- (Буга дейре – ММ) ал кызматын мыкты аркалаган абийирдүү, ак ниет аткаруучу болгон.

XS
SM
MD
LG