Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Гаитиде козголоңчулардын жол башчысы баш калаага келди


Ги Филиптин куралданган аскерлерин шаар тургундары кучак жайып тосуп алышты. Кечээ мекенинен качып чыккан президент Жан Бертранд Аристид бүгүн Борбордук Африка Жумуриятына келди. Бирок Аристид мында калбастан Түштүк Африка жумуриятынан баш баанек сурайт деп күтүлүп жатат.

Анын аралыгында Гаитиге 200 чакты америкалык, Франциянын 300дөй аскери да жайгаштырылды. Канаданын атайын күчтөрү Гаитинин аба бекетин кайтарып турушат. Эларалык бейпилдик аскерлерин жиберүүгө Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңеши чечим кылган. Кечээ АКШнын президенти Жорж Буш эларалык күчтөрдү жетектөөгө америкалык аскерлер жиберилээрин мындайча билдирген:

- Мен эларалык күчтөрдүн жол баштоочу элементи катары, Гаитиде тартип орнотуп, туруктуулукту калыбына келтирүүгө аскер жиберүүгө буйрук бердим. Мен бул кадамга эларалык коомчулук менен кызматташтыктын негизинде барып жатам.

Конституцияга ылайык Гаитинин Жогорку Сотунун жетекчиси Бонифаце Александре мамлекетти убактылуу башкарууга ант берип, ишке киришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG