Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

ГАИТИГЕ ЭЛАРАЛЫК КҮЧТӨР АРАЧЫ БОЛГОНУ КАЛДЫ


Кечээ БУУнун Коопсуздук кеңеши Гаитиге көп улуттук бейпилдик күчтөрүн жиберүү жөнүндөгү резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Резолюцияга ылайык 3 айга жибериле турган аскерлерге өлкөдөгү тартипти калыбына келтирүү жана туруктуулукту камсыз кылуу вазийпасы жүктөлөт. Ал эми Бонифас Александр жекшембиде Гаитинин жаңы лидери катары ант берди.

Америка Кошмо Штаттары менен Франция Кариб булуңундагы өлкөгө өз аскер бөлүктөрүн жибере баштады. Алардын артынан Гаитиге канадалык, бразилиялык жана башка мамлекеттердин аскерлери киргизилмекчи.

Жекшембиде АКШ президенти Жорж Буш Гаитидеги кырдаал тууралуу мындай деп билдирди:

- Гаитиде тартипти жана туруктуулукту орнотуу максаты менен деңиз аскерлерин жиберүү жөнүндө буйрук бердим. Мындай чечим эларалык коомчулуктун талабы менен кабыл алынды.

Гаитинин жаңы жетекчилиги дүйнөлүк коомчулукка өлкөдө тынчтык орнотуу иштеринде көмөк көрсөтүү суранычы менен кайрылган эле.

Өткөн айдын башында Гаитиде өкмөткө каршы көтөрүлүш тутанып, кандуу кагылыштардан бери дегенде 70ке жакын киши набыт болду. Козголоңчулар өлкөнүн басымдуу бөлүгүн көзөмөлгө алып, жума күнү борбор шаар Порт-о-Прэнсти курчоого алышкан. Калаа башаламандыкка, талап-тоноолорго батып, куралчан кишилер көчөлөрдө баррикадаларды тургуза башташты. Ишембиде Гаитинин мамлекет башчысы Жан-Бертран Аристид улуттук сыналгы аркылуу кайрылып, элди тартипке чакырды. Ошол эле мезгилде президент өз тарапкерлерин куралдуу козголоңчуларга туруштук берүүгө үндөгөн.

Жекшембиде болсо Аристид ички жана тышкы кысым алдында мекенин таштап кетүүгө аргасыз болду. Жогорку соттун төрагасы Бонифас Александр ошол эле күнү кечинде жаңы президент катары ант берди.
Аристид америкалык жана франциялык чабармандар менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин кошуна Доминикан жумуриятына жол тартканы айрым булактар тарабынан айтылды. Бирок бул кабар расмий тастыкталган жок.

Порт-о-Прэнстин бир тургуну калк арасында президент Жапонияга кетти деген имиш тараганын айтат:

- Француз радиосунан Аристид Жапонияга кеткен деп кабарлашты, бирок анын чын-калпын билбейбиз.

Тайвандын тышкы иштер министрлиги "Аристид ырасмий Тайпейден саясий баш паана сураган" деген маалыматты четке какты. Ишембиде тайвандык маалымат каражаттары британиялык “Таймс” басылмасына шилтеме берип, Гаитинин мамлекет башчысы Панама, Франция, Куба жана Тайвандан баш калка сураганын жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG