Бул ирет Түштүк африкалык Шарлиз Терон “Албарсты” (Monster) деген тасмадагы ролу үчүн эң мыкты актриса деп табылды. Сыйлыгын алып жатып Терон мекениндеги жакындарына рахматын айтты.
Ажарлуу, татынакай Теронду чыныгы мастанга айландырган тасманын гримерлорунун иши да жогорку баага татыды.
Эң мыкты эркек оюнчуга Оскардын айкелчесин былтыркы лауреат Николь Кидман тапшырды:
- Оскар Шон Пеннге “Табышмактуу дарыядагы” (Mystic River) ролу үчүн ыйгарылат.
Дагы бир Оскар Канадага жөнөмөй болду. Америкалык Киноакадемиянын эң жогорку сыйлыгын чет элдик тасма категориясында “Варварлардын баскынчылыктары” (The Barbarian Invasions) деген фильм алды.
Ошентип жеңүүчүлөр кубанычка батып, алтын айкелчени улам-улам боорлоруна кысып турушту.
Бирок ар бир жарышта арманда калгандар да болот эмеспи. Чехиянын кинокүйөрмандары “Желари” (Zelary) деген тасма лауреттардын тизмесине илинип калаар деп үмүттөнүп жүрүшкөн эле.
Ким билет, балким эмки жылы Оскардын жолу Прагага карай жатаар.