Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:10

АКШ жана Британия Ирактын убактылуу конституциясынын кабыл алынышын кубаттады


Документти Ирактын Башкаруу кеңеши оор сүйлөшүүлөрдөн кийин кечээ эртең менен жактырган эле. Анда Ирак үчүн мамлекеттик түзүлүштүн федералдык принциптери каралган, бирок өлкөнүн күрттөр көзөмөлдөгөн түндүгүндөгү аймактарынын статусу жөнүндө сөз болгон эмес, ал кийинчерээк аныкталмакчы. Ислам - утурумдук Конституцияда Ирактагы мыйзамдар үчүн негиз болуучу булактардын бири катары таанылган, ошондой эле анда аялдардын коомдук-саясий турмушка катышуу укугу кепилденет. АКШнын мамлекеттик катчысы башмыйзамдын жактырылышын "ири жетишкендик" катары баалады. Ал эми Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү муну өлкөдө мурда болуп көрбөгөн тарыхый окуя деп эсептешет. Башкаруу кеңешинин мүчөсү Аднан Пачачи Багдаддагы басма сөз жыйынында буларды белгиледи:

- Биз Ирактын өткөөл мезгилдеги негизги мыйзамы боло турган документти бир добуштан кабыл алдык. Конституцияда башка маселелер менен катар адам укуктары боюнча да кеңири бөлүм бар. Бул Ирак үчүн мурда угулбаган, болуп көрбөгөн нерсе.

Ирактын америкалык администратору Пол Бремер документке эртең кол койоору күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG