Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

СУУ БАШЫ БОЛГОНУБУЗ МЕНЕН - СУУ ТАРТЫШ


«Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык уктуруубуздун бул жолку чыгарылышында калкты таза суу менен камсыз кылуудагы көйгөйлөр тууралуу сөз болот.

Жаркын Суран кызы:
- Кадырман угармандар, «Коом жана турмуш» маалымат-аналитикалык уктуруубуздун бул калкты таза суу менен камсыз кылуу маселелерине арналмакчы. Мага кесиптештерим Ырысбай Абдраимов, Аманбек Дилденбай көмөктөшөт. Кыргызстандагы 1700 айылдын 40 пайызында таза суунун жоктугу бүгүнкү күндүн башкы көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. Сууга бай өлкө эсептелген Кыргызстанда калктын таза сууга болгон муктаждыгы толук чечилбей келет. Аны бийлик өкүлдөрү совет бийлиги учурундагы суу түтүкчөлөрдүн эскилиги жетип, керектен чыккандыгы, аны алмаштырууга каражаттын тартыштыгы менен түшүндүрүп келет.
Ал эми таза суу менен камсыз болбогон айылдарда жугуштуу оорулардын жайылыш коркунучу элдин кооптондуруп, сууга болгон талап катуу коюлууда. Саламаттык сактоо тармагынын адистери да андай кооптонууларга негиз бар экенин ырасташууда. Андыктан Дүйнөлүк банктын көмөгү аркылуу Кыргызстандын аймагында айылдарды таза суу менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүүдө. Ага 70 миң АКШ доллары бөлүнгөн. Учурда таза суу программасынын үстүндө астейдил иш жүргүзүлүп жатканын байкаса болот. Адегенде айылдарды канткенде таза суу менен толук камсыз кылууга болот, анын жүрүшүндө кыйынчылыкка кабылуунун чоо-жайлары, "Таза суу" долбоору кандай иштеп жатат деген суроолордун тегерегинде айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин таза суу департаментинин директору Кеңешбек Мырзабековго кайрылган элем:

Кеңешбек Мырзабеков:

- Өлкөнүн айыл жеринде 3 миллиондон ашыгыраак калк жашайт. Совет мезгилинде, андан кийин курулган суу түтүктөрү чынын айтышыбыз керек, элге кызмат кылбай, алардын көпчүлүгү бузулуп, иштебей турат. Өлкөдө бир миң жети жүздөн ашуун айыл бар. Убагында оңдоо, реконструкциялоо иштери болуп турганда 70 пайызга чукул калк таза суу менен камсыз болот. Электр энергиясынын кымбаттаганына байланыштуу скважиналар иштебей калды. Айылдардагы калктын 63 пайызы таза суу менен камсыз деген маалыматыбыз бар.

- Эми сиз жетектеген таза суу департаментинин милдеттерине токтолсоңуз?

- Биздин департамент 2007-жылдын аягына чейин миң айылга суу чыгарыш милдетин алган. Учурда таза суу программасы чоң мааниге ээ болуп жатат.

- Сөзүңүзгө аралжы, Дүйнөлүк банктын кийлигишүүсү менен таза суу маселеси чечилгени жатат дедиңиз. Дүйнөлүк банк канча каражат бөлдү, ал кандай кредит, республикалык казынада да каражат каралганбы? Тагыраак маалыматты өз оозуңуздан уксак?

- Биздин өкмөт 3 миллион 250 миң доллар бөлүп берди. Бардыгы болуп таза суу программасын аткарууга Дүйнөлүк банк 70 миң АКШ долларын бөлүп беришти. Жеңилдетилген кредит. Бул кредиттер үчүн банктарга үстөк пул төлөбөйбүз. Азыр республикада иштебей турган долбоорлоо институттарын ишке киргиздик.

- Кеңешбек мырза, таза суунун айылдарда тартыштыгын сиз электр энергиясынын кымбаттаганы менен да байланыштырып жатасыз. Андай абалдан чыгуунун жолдору барбы? Болсо кайсылар?

- Биздин оюбузча, Кыргызстандын аймагындагы айылдарда булак абдан көп. Азыр ишке кирген долбоорлордун 80-90 пайызы жалаң гана булактардан суу алуу. Андай болгондо электр энергиясын пайдаланбайт экенбиз. Пайдалансак да аз пайдаланат экенбиз. Элге да арзан түшүп жатат.

- Ырахмат сизге Кеңешбек мырза. Таза суунун азабы соңку жылдарда курчуп кетишине ушул электр энергиясынын кымбаттаганы жана элдин карызды төлөй албаганы себеп болуп жатканы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында да каралган эле. Ал тууралуу депутат Тажиниса Абдурасулованын сөзүн угалы:

- Жогорку Кенеш жакында "Таза суу" программасын аткарыш максатында насостук станциялардын электрге мурдагы карыздарын жоюу боюнча мыйзамды кабыл алып бердик. Ноокат району боюнча эле 2,5 миллион сомдун тегерегиндеги карыз жоюлуш керек эле. Бирок биз угуп калдык - вице-премьер Жантөрө Сатыбалдиев айткан экен "карызды төлөмөйүнчө скважиналарды иштетүүгө болбойт" деп.

- Сизге ырахмат Тажиниса айым. Суроо-жоопту улантып мурдагы маектешимбиз Кеңешбек Мырзабековду сөзгө тартайын: Сиз таза суу тартыш аймактар деп Жалал-Абад, Ош, Баткен облусттарын атадыңыз. Ушул аймактардын биринде суу түтүкчөлөрү жарылып жугуштуу оорулар курчуп, адам өмүрүн алган окуя болгон деп айтылып жүрөт. Бул тууралуу кабарыңыз барбы?

- Кабарым бар. Андай эки окуя болгон. Бирөө Ош облусунда, экинчиси Жалал-Абадда болду. Совет бийлиги убагында курулган канализациянын түтүгү жарылып кетет. Андан айылдын суу түтүкчөлөрүн каптап өтөт. Ушундай эки-үч учурлар болуп, эл ооруду.

- Ырахмат, сизге Кеңешбек мырза. Бул - Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу департаментинин жетекчиси Кеңешбек Мырзабековдун пикири болду.

Медицина адистеринин айтымында, оорунун 80 пайызы таза суу менен камсыз болбогондуктан чыгат. Анда бул маселе боюнча республикалык акушер-педиятриялык илим изилдөө институтунун директору, академик Дүйшөн Кудаяровдун пикирин угуп көрсөк:

- Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, балдардын өлүмүнүн 65 пайызы таза суунун жетишпестигинен болот экен. Анткени көп учурда жугуштуу оорулардын чыгышына айылдардын таза суу менен камсыз болбогондугу себеп. Таза суу бул - жашоо.

Дүйнөлүк банк бөлгөн каражаттын чоң бөлүгү Жалал-Абад облусундагы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу максатын көздөйт. Ага жергиликтүү бийликтин, элдин мамилеси кандай? Сөздү "Азаттыктын" Жалалабаддагы кабарчысы Ырысбай Абдраимов улантат:

- Маселен, Базаркоргон районунун бийлигинин, Азия өнүктүрүү банкынын жардамы менен райондогу 41 айылда таза суу долбоору башталды. Ал тууралуу райондун акими Шарап Жакыпов мындай дейт:

- Азия өнүктүрүү банкынын "Таза суу" программасына 41 айыл кирген. Өткөн жылы Кеңеш айыл өкмөтүндө 17 миң калкты камтыган суу түтүкчөсү кайрадан реконструкция болуп, кошумча 27 чакырым суу түтүкчөсү жаңыдан курулуп, пайдаланууга берилди.

Ырысбай Абдраимов:

- Анткен менен, ошол эле Базаркоргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагындагы
"Таза суу" долбоорунун алкагында пайдаланууга берилген суу түтүк жакшы иштебей жаткандыгын жергиликтүү атуулдардан угууга болот. Таза суусуз калган башка тургундардай эле тазаланбаган арыктардан, жамгыр сууларынан чогулган чөл сууларын ташып ичүугө эл аргасыз. Ал тууралуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн тургуну Раимжан Кадыркуловдун пикирин угалы
:

- Элге-журтка "Таза суу" программасы деп ушунча жарыялангандан кийин сууну жакшылап эле чыгарып, аны менен элди толук камсыз кылышса туура болот эле.

Ырысбай Абдраимов:

- Суунун тартыштыгынан өткөн жылы Ноокен, Аксы райондорунда, Жалалабад жана Майлуусуу шаарларында ич келте илдети жайылды. Ага Жусупжан Ажибаев жетектеген бейөкмөт уюмдун билдирүүсү далил: "137 адам жугуштуу илдеттер менен ооруган. Алардын отуз сегизи 14 жашка чейинки балдар. Чоргоодон чыккан таза суу көпчүлүк жерлерде жок. Кыскасы, таза суу көйгөйү Сузак районундагы он миңден ашуун калк жашаган айымакта өзгөчө күч.

Жаркын Суран кызы:

- Кесиптешим Аманбек Дилденбай Бишкектин айрым тургундарынын таза суу менен элди камсыз кылуу көйгөйү боюнча пикирлерин сурамжылаган:

Аманбек Дилденбай:

- Кыргызстанда калкты таза суу менен камсыз кылуу жагы кандай, өзүнүздү тааныштырып, ой бөлүшсөнүз:

- Атым Абдыкадыр. Көбүнчө түштүктөгү облусттарды алсак 80 пайыз эл таза сууга жетпей жашайт экен. Ал жердегилер кыйынчылыктан улам жер которуп көчүп кетип жатышыптыр. Алардын ордуна Тажикстандан көчүп келип жатышат. Ошондуктан бийлик жакшы маани бербесе абал кыйындап кетет.
XS
SM
MD
LG