Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Кыргызстандын саясий партияларынын өкүлдөрү АКШда


БИШКЕК. Кыргызстандын бир катар саясий партияларынын өкүлдөрүнүн АКШга болгон сапары улантылууда. «Атамекен» социалисттик партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев, «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев, «Алга, Кыргызстан» партиясынын өкүлү, экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министри Амангелди Муралиев жана Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев буга чейин Вашингтондо Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Мамлекеттик башкаруу боюнча Улуттук академиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул жөнүндөгү маалыматты бүгүн «Арнамыс» партиясынын Вашингтондогу маалымат кызматы таратты. Бүгүн Кыргызстандын саясий партияларынын өкүлдөрү Мэриленд штатында болушту. 3-мартта Кыргызстандык саясатчылар АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG