Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

Саясий партиялар үчүн семинар өттү


БИШКЕК. Бүгүн АКШнын улуттук демократиялык институту «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогуна кирген саясий партиялар үчүн семинар өткөрдү. Кыргызстан демократиялык кыймылы, «Эркиндик», «Эркин Кыргызстан», «Асаба» кайра жаралуу, «Республика» жана «Кайран эл» партияларынын өкүлдөрү катышкан семинарда партиялардын коомдогу ролун жогорулатуу, алдыдагы жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоо алдында партиялардын иштиктүүлүгүн активдештирүү, партиялардын жергиликтүү уюмдарынын ишин жакшыртуу маселелери талкууланды. Жыйында Кыргызстанда өткөн жылдан тартып оппозициялык көз караштагы саясий партиялардын активдешүүсү байкалып жаткандыгы жөнүндө белгиленди. Ушул жылдын январь айында түзүлгөн «Эл бийлиги үчүн» шайлоо бирикмеси алдыдагы президенттик шайлоого бир талапкерди көрсөтүп чыгаарын жарыялаган. Бирок азырынча шайлоо блогу тарабынан көрсөтүлө турган талапкердин ысымы атала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG